ОШТО ОЛИМПИАДАЧЫЛАР СЫЙЛАНДЫ
- 16.08.2024
- 0
15-августта Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалынын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган балбан Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ошко келишти.
Ош эл аралык аэропортунан спортчулар жана устаттары алардын урматына уюштурулган унаалардын коштоосунда Алымбек датка этно борборунда зор салтанат менен тосуп алынды.
Ош шаарында Париж олимпиадасына катышып, байгелүү орундарды жеңип алышкан жана олимпиадага катышкан спортчулардын устаттарын салтанат менен тосуп алып, сыйлоо аземи болду. Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Араван, Өзгөн, Алай райондорунун акимдери, шаар тургундары,жергиликтүү спортчулар жана алардын күйөрмандары катышты.
Ош шаардык мэри Бакытбек Жетигенов Парижде өткөн Олимпиадада оюндарда бокс боюнча Кыргызстанга алгачкы күмүш медалды утуп келген, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынан үч бөлмөлүү батир жана 500 миң сом белек кылды.
Ошондой эле Ош мэриясы Мунарбектин жеке устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Беганас Султанбаевге Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом тартуу кылды.
Мунарбектин алгачкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, ОшМУнун профессору Оморов Турдалыга 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.
Париж Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медаль жеңип келген дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудовго 1 млн сом, машыктыруучусуна 250 миң сом сыйлык тапшырылды.
Акжол 2021-жылы Токио олимпиадасында күмүш медаль тагынан. Акжолдун жеке машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Мейрамбек Ахметовго дагы 200 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды.
Дагы бир оштук балбан, Париж олимпиадасынын дзюдо мелдештеринин катышуучусу Кубанычбек Айбек уулу 250 миң сом менен сыйлады. Анын машыктыруучусу Бакыт Жусуповго жүз миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты ыйгарылды.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев олимпиадачылар Мунарбек Сейитбек уулуна, Акжол Махмудовго жана Кубанычбек Айбек уулуна аргымак мингизип, акчалай сыйлыктарды тапшырып, куттуктады.
Париж Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоду. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз, дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медаль тагынды.
Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Азия чемпиону Үзүр Жузупбеков коло байге утуп келишти. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова да коло медаль утту.
13-августта өлкө Президенти Садыр Жапаров олимпиадачыларды тосуп алуу аземинде баарына акчалай сыйлыктарды жана автоунааларды зор салтанат менен тапшырган.
26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышып, мөрөй талашуулар курч мүнөздө өттү. Анда жалпысынан 329 комплект медаль ойнотулуп, жеңүүчүлөргө ыйгарылды. Кыргызстандын олимпиадалык тандалма командасы эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду камсыз кылды.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим
Комментарийлер