ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛУСТУК БАСКЫЧЫ ӨТҮҮДӨ

  • 27.02.2024
  • 0

Оштогу облустук Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын мектеп-лицейинин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын III (облустук) баскычы өтүүдө. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева билдирди.

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛУСТУК БАСКЫЧЫ ӨТҮҮДӨ

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛУСТУК БАСКЫЧЫ ӨТҮҮДӨ

Маалыматка ылайык, кечээ башталган олимпиадага облус боюнча буга чейинки II (райондук) баскычта алдыга чыккан жалпы 294 окуучу катышып, алар төмөнкү багыттар боюнча ат салышууда: кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); кыргыз тили жана адабияты (окутуу орус/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); орус тили жана адабияты (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); орус тили жана адабияты (окутуу кыргыз/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); англис тили (базалык негизде окутулган класстар үчүн); англис тили (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); тарых; география; математика (базалык негизде окутулган класстар үчүн); математика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); физика (базалык негизде окутулган класстар үчүн); физика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); биология (базалык негизде окутулган класстар үчүн); биология (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); химия (базалык негизде окутулган класстар үчүн); химия (тереңдетилип окутулган класстар үчүн) жана информатика.

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛУСТУК БАСКЫЧЫ ӨТҮҮДӨ

— Олимпиада кечээ салтанаттуу түрдө ачылып, ага Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Буйруса олимпиаданын облустук баскычы бүгүн жыйынтыкталып, алдыңкыларды сыйлоо аземи уюштурулат. Ал эми 17 багыт боюнча жалпы 34 окуучу олимпиаданын IV (республикалык) баскычына катышып, облусубуздун намысын коргомокчу, — деп кошумчалады Гульмира Турдубаева.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер