Ошто 23-сентябрга карата сынактар өткөрүлүүдө
- 25.09.2024
- 0
«Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө» мыйзамынынын кабыл алындыгынын 35 жылдыгына карата Ош билим берүү институтунда бир топ иш-чаралар өтүүдө.
Аталган окуу жай тарабынан мугалимдер үчүн түрдүү кароо-сынактар, көргөзмөлөр уюштурулду. Ага Ош облусунун райондорунан окутуучулар жигердүү катышууда. Анда мугалимдер мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн маданий иш-чаралар, түрдүү долбоорлор, санарип технологиялар менен жайылтуунун түрдүү ыкмаларын көргөзүштү.
Жыйынтыгында сынакта алдыңкы орунду ээлегендер институттун грамоталары менен сыйланмакчы.
Бөлүшүү
Комментарийлер