ОШМУНУН УММ АЛЬ-КУРА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ

  • 05.10.2023
  • 0

Сауд Арабиянын Умм аль-Кура университетинин Араб тили институтунун директору Абдуррахман бин Абдуллах Ал-Курани  баштаган делегация ОшМУда тилди окутуунун усудары боюнча беш күндүк тренинг өткөрүүдө.

 

ОШМУНУН УММ АЛЬ-КУРА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ

Делегация 2-октябрда ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки окуу жайдын алдыдагы кызматташтыктары боюнча пикир алышкан. Жолугушууда делегациянын башчысы, доктор Абдуррахман бин Абдуллах Ал-Курани Умм аль-Кура университети Сауд Арабиянын Мекке шаарында жайгашкан эң алдыңкы университеттердин катарында экендигин, 100 000ден ашуун студент билим аларын белгиледи. Ошондой эле араб тилин окутуу, түрдүү адистиктер боюнча академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу багытында кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков учурда ОшМУда Чыгыш таануу институту бар экендигин, анда 100дөн ашуун студент араб тилин окуп жаткандыгын айтып, университет кызматташууга ачык экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу меморандумун түзүү чечимин кабыл алынды. Андан сырткары, ОшМУда «Араб тили» борборун ачуу, эки окуу жайдын  ортосунда окутуучуларды, студенттерди академиялык алмашуу, билим берүү программалары аркылуу кызматташуу багытында сөз болду.

Умм аль-Кура университети шарият мыйзамдары жана араб тили боюнча гана билим бербестен, бизнести башкаруу, ислам экономикасы, маркетинг, инженерия, медицина, архитектура, ошондой эле ар кандай прикладдык, социалдык жана инженердик дисциплиналар боюнча адистерди даярдайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер