ОшМУнун студенттери бокс боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

  • 22.10.2024
  • 0

Ош шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенти Баяман Азизбек уулу 60кг салмакта жеңүүчү болду. Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенти Марлен Жунусбек уулу экинчи орунду багындырган. Ал эми Нурсаид Иминжанов, Ислам Тургунов жана Даниел Жумабаев үчүнчү орунду алышты.

ОшМУнун студенттери бокс боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

Мындан сырткары Баяман Азизбек уулу турнирдин “Эң мыкты мушкери” наамына татыды. Машыктыруучусу Беганас Султанбаев “Эң мыкты машыктыруучу” аталды.

Студенттерди аталган мелдешке Кыргызстандын эмгек сиңирген жана ОшМУнун бокс боюнча жооптуу машыктыруучусу Турдалы Оморов менен Эмгек сиңирген машыктыруучу Беганас Султанбаев даярдаган.

ОшМУнун студенттери бокс боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Самарбек Бапановдун жаркын элесине арналган сегизинчи эл аралык турнир 15-19-октябрь күндөрү өттү. Ага коңшу Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын бардык облустарынан, Ош жана Бишкек шаарларынан жүздөн ашуун мушкер катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер