ОшМУнун студентинин кийимдер коллекциясы мыкты аталды
- 03.12.2024
- 0
Бишкекте өткөн «Eco-Fashion.Kyrgyzstan-2024» жаш дизайнерлеринин кийимдер сынагына Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун 4-курсунун студенти Айзирек Муратова баш байгени алды.
Ал эми ушул эле институттун студенти Мунайым Базаркулова «Апсайклинг» номинациясы боюнча биринчи орунду багындырды.
Аталган сынакка ОшМУдан төрт студенти катышты. Финалдык баскычта жаш дизайнерлердин 32 коллекциясы көрсөтүлдү.
Сынак үч номинация боюнча өткөрүлдү:
- «Эко-фэнтези» – салттуу эмес материалдардан авангарддык коллекциялары;
- «Апсайклинг» – эски кийимдерди кайра иштетип жасалган коллекциялары;
- «Эксклюзив» – кийим моделдеринин чыгармачыл коллекциялары.
Калыстар тобунун курамына Кыргызстандын белгилүү дизайнерлери кирди. Сынак коомчулукту кийимди аң-сезимдүү, рационалдуу колдонууга жана социалдык жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөө, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого көңүл буруу максатында уюштурулган.
Бөлүшүү
Комментарийлер