ОШМУНУН СТУДЕНТИ — АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ

  • 24.05.2022
  • 0

Ош шаарында өткөн Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышкан Элзада Момунжанова күрөштүн эркин стили боюнча 55 кг салмакта чемпиондукту жеңип алды. Ал финалдык беттеште ирандык балбан менен беттешип, 5:3 эсебинде утуп алды.

ОШМУНУН СТУДЕНТИ - АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУАзия чемпионатына дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн, анын ичинде Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Жапония жана Кыргызстандан 300гө жакын спортчу катышты.  Бул иш-чара 2022-жылдын сентябрында Түркияда өтүүчү  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.

Элзада Момунжанова ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студенти. Алыш күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку,  Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. «2021-жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгынын ээси. Казан  шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген.   Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында  1-орунду, Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун,  грэпплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Ушу-Саньда боюнча  Кыргыз Республикасынын чемпиону. Борбор Азиянын чемпиону жана профессионал кыз-келиндер арасында өткөн мелдештердин  жеңүүчүсү жана Алтын курдун ээси. Пенчак Силат каратэнин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, Борбор Азиянын чемпиону. Малайзияда өткөн Дүйнө Кубогунда 2-орунду алган.  Кол күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.

Азия чемпиону Элзада Момунжанованы ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан жеңиши менен куттуктайбыз, окууларына, спортто ири жетишкендиктерди багынта беришине тилектешпиз!

Бөлүшүү

Комментарийлер