ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА ЖЕҢҮҮЧҮ

  • 14.02.2023
  • 0

ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА ЖЕҢҮҮЧҮ

Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кытай тилин тестирлөө борбору жана Сингапурдун Крестар Конфуций классы тарабынан өткөрүлгөн “Экинчи эл аралык кытай тилин окутуу боюнча видео сынакта” ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу, кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Маратбек Абдыкулов “Эң мыкты регионалдык катышуучу” сыйлыгын утуп алды.

Сынакта АКШ, Кытай, Россия, Англия, Испания, Таиланд, Египет жана башка 21 өлкөнүн 347 кытай тили окутуучусу катышты. Жыйынтыгында эң мыкты аталган 44 окутуучуга номинациялар, сыйлыктар ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер