ОШМУНУН МАГИСТРАНТЫ ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТА

  • 21.08.2023
  • 0

19-августтан 27-августка чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына ОшМУнун дене тарбия факультетинин магистранты Гүлшаной Сатарова катышууда.

ОШМУНУН МАГИСТРАНТЫ ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТА

Магистрант Гүлшаной Сатарова спорттун жеңил атлетика түрү менен жыйырма жылдан бери машыгат.  Ал — айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу. Ошондой эле Азиянын эки жолку чемпиону, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азия оюндарынын жана Иранда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.  Малайзияда өткөн жеңил атлетика турниринде 800 жана 1500 метрге чуркоодо эки алтын медаль уткан.
Мындан сырткары, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк олимпиадага даярданып жактан он беш спортчусунун катарында.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер