ОШМУНУН “ҮМҮТ” ТЕЛЕСТУДИЯСЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИ БИШКЕКТЕ

  • 15.01.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун демилгеси жана колдоосу менен университеттин «Үмүт» телестудиясында эмгектенген кызматкерлер жыйырмага чукул  волонтер менен Бишкек шаарында практикалык сапарда жүрүшөт.

ОШМУНУН “ҮМҮТ” ТЕЛЕСТУДИЯСЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИ БИШКЕКТЕ

Алар борбор калаада жайгашкан бир топ телеканалдар менен таанышып, тажрыйба топтошот. Сапардын алгачкы күнүндө Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «КТРК», «Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», “КТРК Спорт” жана  «Ала-Тоо 24» маалымат борборлорунда болушуп, түз эфирдик жүрүштөр, иштөө тартиби, техникалары менен таанышышты. Мындан сырткары «Ала-Тоо 24» каналынын кабарчысы Актилек Гулжигит кызы менен жолугушуу уюштурулуп, журналистика жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Беш күнгө созулган сапар New ТВ, Калыс Медиа, 5-канал, Жогорку Кеңеште да уланат.

ОШМУНУН “ҮМҮТ” ТЕЛЕСТУДИЯСЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИ БИШКЕКТЕ

Практикалык сапардын чыгымдары окуу жай тарабынан каржыланган. ОшМУнун “Үмүт” телестудиясы 20 жыл мурун окуу жайдын учурдагы ректору Каныбек Исаковдун демилгеси менен түптөлгөн. Бул телестудия өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарында эмгектенип жаткан бир топ  белгилүү журналисттердин алгачкы устаканасы болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер