ОШМУНУН ИЙГИЛИКТЕРИ КЫТАЙДА ЭН МЫКТЫ ДЕП ТААНЫЛДЫ

  • 14.12.2017
  • 0

12-декабрда Кытайдын Сиан шаарында өткөн Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу жыйынында ОшМУнун Конфуций институту жемиштүү жана изденгич эмгеги үчүн «Жылдын мыкты институту» номинациясы менен, окуу жайдын ректору Каныбек Исаков «Жылдын мыкты жетекчиси» номинациясы жана АЛТЫН медалы менен сыйланды.  Университеттин HSK борбору болсо “Мыкты тестирлөө” номинациясын жеңип алды.

Сыйлык Каныбек Исаковго кыргыз-кытай мамилелерин өркүндөтүүгө кошкон бараандуу салымы, ОшМУнун Конфуций институтуна өзүнчө курган окуу корпусу, жатаканасы үчүн жана материалдык-техникалык базасын чындоого, окуу-усулдук потенциалын жогорулатууга кошкон демилгелүү салымдары, жаштарга терең билим берүүдөгү ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылды. Сыйлыкты Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери салтанаттуу түрдө тапшырды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер