ОШМУНУН ЭКИ СТУДЕНТИ 150 000 СОМДОН ГРАНТ АЛЫШАТ

  • 21.12.2023
  • 0

ОшМУнун бизнес паркынын кезектеги бизнес-тренинги жыйынтыкталып, 42 катышуучуга сертификаттар тапшырылды.

ОШМУНУН ЭКИ СТУДЕНТИ 150 000 СОМДОН ГРАНТ АЛЫШАТ

Беш күндүк тренингде стартап долбоорлору бар катышуучулар рынокту туура анализдөө, атаандаштыкка жөндөмдүү товар же кызмат көрсөтүү секторун түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле алар бизнес-турда Ош шаарындагы алдыңкы ийгиликтүү ишканаларды кыдырып, таанышышты. Бизнес парктын 12- тренингине ОшМУнун студенттери, магистранттары, аспиранттары жана окутуучуларынан  164 арыз келип түшкөн.

Бизнес-тренингдин алкагында, студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларынын үстүнөн иштеп, долбоорлорун калыстарга сунушташты.

Жыйынтыгында медицина факультетинин ФВ3(Б)-23 тайпасынын студенти Кубаныч Турдубаев, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Био(б)-1-22 тайпасынын студенти Зилола Бөрүбаева финалист болду. Жеңүүчүлөр бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн ар бири ОшМУдан 150 000 (жүз беш он миң) сом өлчөмүндө грант алышат.

Учурда ОшМУнун бизнес паркында бизнес-тренингдердин 13-агымы жүрүп жатат.

https://www.oshsu.kg/kg

Бөлүшүү

Комментарийлер