ОшМУнун “БИЛИМ” ЛИЦЕЙИ БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫ ОКУТУП ЖАТАТ

  • 21.09.2022
  • 0

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген жарандардын балдары ОшМУнун «Билим» лицейинде убактылуу окуп жатышат.  Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

ОшМУнун “БИЛИМ” ЛИЦЕЙИ БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫ ОКУТУП ЖАТАТ«Билим» лицейинин мугалимдери буга чейин ата-энелер менен жолугуп, балдардын лицейдеги окуучулар менен биргеликте билим алып туруусуна көмөктөшөрүн айтышкан. 19-сентябрдан тартып 5-класска — беш окуучу, 6-класска — эки окуучу, 7-класска – үч окуучу, 8-9-класстарга бирден окуучу келип кошулуп, балдар менен биргеликте билим алып баштаган.

“Окуу жайдын жетекчилигинин сунушу менен учурда макул болгон ата-энелердин балдарын окуучуларга кошуп окутуп жатабыз. Аларга катышуу эркин, лицейдин жамааты тарабынан окуу куралдары менен камсыз болушту. Балдар үзгүлтүккө учуратпай окуусун улантып, окуучулар менен достошуп күнүн мазмундуу өткөрсө деген максатта уюштурдук. Азыр кызыгып келип жатышат. Андан сырткары окуучуларыбыздын демилгеси менен “Кайрымдуу бол” акциясы да уюштурулду”, — дейт “Билим” лицейинин директору Жоогазын Болушева.

Бөлүшүү

Комментарийлер