ОШМУДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ  

  • 24.09.2019
  • 0

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына жана Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган “Эне тилим – ыйыгым, Ооматтуу ОшМУ — сыймыгым” деген аталыштагы чоң программадагы салтанат тартууланды.

ОШМУДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ  

Майрамдык кече студенттердин Кыргыз Республикасынын Гимни жана  Мамлекеттик тилдин гимнин аткаруусу менен башталды. Окуу жайдын ректорунун м.а. Кудайберди Кожобеков  Мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракеси менен жалпы жамаатты куттуктап, кылым карытып жашап келе жаткан кыргыз тилинин улуулугун даңазалоо, урматтоо, сактоо, өнүктүрүү ар бир жарандын жүрөгүнөн суурулуп чыгышы керектигин белгиледи. Ошол эле учурда Ош мамлекеттик университети да бул багытта алгылыктуу иштерди жасап, жыл бою үзгүлтүксүз иштер алып барылып жаткандыгын кошумчалады. Университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган эки айлык жарыяланып, бул багытта комплекстүү иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Кечеде буга чейинки  факультет, колледждерде уюштурулган иш-чаралардан мыкты деп тандалып алынган номерлер тартууланды. Мааракелик саамалык кыз-жигиттин сармерден айтышы менен коштолду. Сармердендин жүрүшү университеттин нускалуу кеби, акылман сөзү менен айырмаланган ардактуу окутуучулардын калыстыгында өттү.

ОШМУДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ  ОШМУДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ  

Салтанаттын соңунда майрамдык кечени уюштуруунун башында турган ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Сабыр Арстанов кечени уюштурууга салым кошкон жана кечеге активдүү катышкан факультет, колледждердин жетекчилерине, мамлекеттик тил кафедраларынын окутуучуларына, “Мамлекеттик тил” борборунун жетекчисине, студенттерге ыраазычылыгын билдирип, Ардак грамота, дипломдорду, белектерди  тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер