ОшМУда койлордун жаңы тукуму изилденүүдө

  • 06.09.2024
  • 0

Кыргызстанда чыгарылып жаткан койлордун жаңы “Ала тоо” породасынын кочкорлорунан жасалма урук алынып, сапаты текшерилди. Аны менен бирге кочкорлордун даярдыгы аныкталды. 

ОшМУда койлордун жаңы тукуму изилденүүдө

“Койлорду жасалма уруктандыруу жана куут сезонуна даярдоо” аталышындагы окутуу Ош мамлекеттик университетинин “Молекулярдык биотехнология” илимий борборунда өттү. Анда окутуучуларга, студенттерге жана өндүрүштөн келген фермерлерге көбөйүүнүн биотехнологиясы боюнча маалымат берилди.

Семинар Ветеринария жана биотехнология кафедрасынын жана түштүктө “Ала тоо” породасын өстүрүү боюнча ассоциациянын демилгеси менен уюштурулду.

“Ала тоо” породасы жергиликтүү кыргыз койлоруна Гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат.

“Бул породанын бир асыл тукум кочкорунун баасы орточо эсеп менен 5-10 миң долларды түзөт. Эң жакшысы 30 миң долларга чейин жетти”, -дейт профессор Абдугани Абдурасулов.

Учурда бул изилдөөлөр кафедранын илимий иштеринин бир багыты катары аткарылууда. Койлордун ДНКларын текшерүү үчүн каны, жүнү Кытайдын Тарим университетинин ПЦР лабораториясына жиберилген. Андан сырткары, сүт, эт кунардуулугу жана башка селекциялык-генетикалык көрсөткүчтөрү изилденүүдө. Анын жыйынтыгы менен стандарт иштелип чыгат. Кийин “Ала тоо” породасын Кыргызпатентке сунушталат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер