ОШМУДА «ИНТЕРНАЦИОНАЛ ДОСТУК КЛУБУ» ТҮЗҮЛӨТ

  • 28.12.2023
  • 0

Мындай чечим ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан жаңы жылга карата уюштурулган “Достордун ОшМУдагы жолугушуусу” аттуу иш-чарада кабыл алынды.

ОШМУДА «ИНТЕРНАЦИОНАЛ ДОСТУК КЛУБУ» ТҮЗҮЛӨТ

Жолугушууга окуу жайдын факультеттеринде, колледждеринде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасынан окуунун жана коомдук-маданий иштердин мыктылары болгон 38 студент катышты. Алар Индия, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келип ОшМУда билим алып жаткан студенттер. 

Достордун жолугушуусу чет элдик студенттердин ортосунда достук мамилени чыңдоо, аларды биримдикке чакыруу жана университеттин коомдук иштерине активдүү катыштыруу, элдердин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулду.

ОШМУДА «ИНТЕРНАЦИОНАЛ ДОСТУК КЛУБУ» ТҮЗҮЛӨТ

Жыйынга конок катары катышкан ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Олжобай Тойчубек уулу чет өлкөлүк студенттер мүчө болуучу клубду түзүү идеясы колдоого ылайык экендигин айтып, келечекте иш-чараларды биргеликте өткөрүп, долбоорлорду ишке ашыруу сунушун билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер