ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 16.11.2022
  • 0

ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМУнун жамааты 15-ноябрда  Ош улуттук драма театрында Илим жана мугалимдер күнүн салтанаттуу белгиледи.

Окуу жайдын Кесиптик бирлиги  тарабынан уюштурулган майрамдык кече  “Мугалим — билим ачкычы, Профсоюз — эмгек  сакчысы” деп аталып, концерттик программа менен коштолду.

Салтанатты окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерин куттуктады.

ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

“Мугалимдердин улуу милдети — келечек ээлерин тарбиялоо. Жан дүйнөгө билим үрөөнүн сээп, эртеңки муунга заманбап билим менен улуттук нарк-насилди жуурулуштуруп, бийик духу, тунук акылы, адамдык сапаты менен айырмаланган мекенчил кадрларды тарбиялайт деп терең ишенем”, — деди ректор.

Ошондой эле окуу жайда аткарылып жаткан иштер, алдыга койгон бийик максаттар боюнча маалымат берди.

ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Майрамдык иш-чаранын алкагында университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы», “Илимдин мыктысы” төш белгилери, Ардак грамотасы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин,   Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси, Ардак грамотасы,  акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө Илим күнүнө карата 2021-2022-жылдары жарык көргөн эмгектери үчүн өткөрүлгөн  “Мыкты окуу жана илимий эмгек” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө диплом, сертификат  жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Илим күнүнө карата  2021-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын ноябрь айына чейин кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргогон окутуучуларга дипломдор берилди. Ошондой эле “Илимий жетишкендиктер” аттуу көргөзмөнүн жыйынтыгы чыгарылып, «Мыкты инновациялык долбоор”, «Мыкты ойлоп табуучулук», “Мыкты кыргыз тилинде даярдалган окуу китептеринин топтому” номинациларынын жеңүүчүлөрү сыйланды. “Илимий жетишкендиктер” аттуу көргөзмөсүндө жеңишке жеткен студенттерге да дипломдор тапшырылды.

ОШМУДА ИЛИМ ЖАНА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Салтанаттын жүрүшүндө ардактуу кесип ээлерине окуу жайдын Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаровдун жетекчилигинде факультеттин, колледждердин, структуралардын профбюро төрагалары, төрайымдары ыр-күлкү тартуулашты.

Өткөн окуу жылында ОшМУнун студенттик коомчулук менне иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкованын жетекчилигинде факультеттердеги декандардын тарбия иштери боюнча орун басарлары демилге көтөрүп жалпы жамаатка “Кел жигиттер, кел кыздар аттуу” ыр-күлкү майрамын тартуулашкан. Бул иш-чараны салтка айландыруу максатында окуу жайдын Кесиптик бирлигине өткөрүп беришкен эле.

Бөлүшүү

Комментарийлер