ОШМУ: ВЕТЕРИНАРДЫК КЛИНИКА АЧЫЛДЫ
- 05.10.2023
- 0
ОшМУда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасынын ачылуу аземи болду.
Аземге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.
- Ош шаарынын күнүн утурлай ОшМУда эки жаны окуу корпусун пайдаланууга берип жатабыз. Окуу жай билим, тарбия гана бербестен Ош шаарын көрктөндүрүүдө, жашылдандырууда, социалдык жактан өнүгүүсүндө да салым кошушу зарыл. Бул багытта окуу-өндүрүштүк, медициналык клиникаларыбыз аркылуу шаар тургундарына кызмат көрсөтүп келебиз. Жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан ветеринардык клиникабыз шаар тургундары үчүн да ветеринардык оорукана катары кызмат көрсөтүүсүнө шарттарды жаратып жатабыз, — деди Кудайберди Кожобеков.
Имараттын кызыл тасмасы кесилип, келген коноктор ветеринардык клиниканын окуу-лабораториялык базасы менен таанышып, профессор А.Х. Абдурасуловдун “Асыл тукум иштери боюнча биотехнологиялык борбор” аттуу презентациясына күбө болушту.
Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы беш кабаттан турат. Анда окуу лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык, окуу залдары бар. Имараттын аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Имарат окуу жайдын ички каражатынын эсебинен курулду.
Окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиниканын материалдык-техникалык базасы үчүн да окуу жай заманбап жабдууларды, УДИ, рентген, анализ алуучу аппараттарды сатып алган. Андан сырткары, Айыл чарба министрлигинен да 100 000 АКШ долларлык грант утуп алышкан. Долбоордон түшкөн каражатты ветеринардык клиниканын шарттарын кеңейтүүгө жумшайт.
Учурда ОшМУда “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун жана Ош шаарынын эски шаардык ооруканасынын ордуна түшүп жаткан жети кабаттуу ОшМУнун медициналык клиникасын курулуш иштери жүрүп жатат.
А Т, «Кут Билим»
Комментарийлер