ОшМУ студенттерин ишкердикке үйрөтөт

  • 27.11.2024
  • 0

Ош мамлекеттик университети жана Швейцариянын «БПН Бизнес-Академиясы» ишкердикти өнүктүрүү багытында кызматташат. Документке ректор Кудайберди Кожобеков жана компаниянын жетекчиси Томас Лаувинер 26-ноябрда кол койду. Жолугушууда алар эки тараптуу өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууну макулдашты.

ОшМУ студенттерин ишкердикке үйрөтөт

Документте студенттерге ишкердик чөйрөсүндө билим берүү, аларды практика жүзүндө үйрөтүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү каралган. Бул алкакта стажировкалар, ментордук программалар жана бизнес тренингдер уюштурулат. Ошондой эле БПН академиясы университетке өзүнүн эл аралык тажрыйбасы жана бизнес байланыштары аркылуу колдоо көрсөтөт.

Буга чейин компаниянын жетекчиси ОшМУнун бизнес паркында ишкердикке арналган практикалык тренинг өткөргөн. Ага студенттер, окутуучулар жана жергиликтүү ишкерлер катышып, бизнес стратегиялар, лидерлик жана маркетинг боюнча билим алышкан. Иш-чара учурунда катышуучулар өз бизнесин өнүктүрүү боюнча кеңештерди угушкан.

ОшМУ студенттерин ишкердикке үйрөтөт

Тренингден кийин Томас Лаувинер ОшМУнун бизнес паркын инновациялар жана стартаптар үчүн идеалдуу платформа катары белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Бул студенттерге жана окутуучуларга ишкердик чөйрөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аймактагы бизнес экосистемасын өнүктүрүүгө салым кошот.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер