ОшМУ: окутуучулар Кытайдын билим берүү боюнча жылдык конференциясында
- 12.11.2024
- 0
ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Русланбек Арапбаев менен Кытай тили жана кытай тануу кафедрасынын башчысы Марат Абдыкулов Кытайда өткөн эл аралык билим берүү боюнча жылдык конференциясы жана көргөзмөсүнө (CACIE) катышты.
Конференцияга 60тан ашуун өлкөдөн беш миңге жакын эксперт, мамлекеттик кызматкер жана компаниялардын жетекчилери чакырылган. Анда инклюзивдүү, инновациялык жана келечекке багытталган билим берүү системасын түзүү аркылуу коомдук реформаларды жана глобалдык технологиялык инновацияларда лидерликти колдоо боюнча айтылды.
Руслан Арапбаев «Робототехника+» интеграциялык өндүрүш-билим берүү коомчулугунун жогорку сапаттагы өнүгүүсү» секциясында баяндама жасап, анда Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыкты жана адистерди даярдоодо ОшМУ жана Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган «Келечек муундун ХАБы» борбору тууралуу айтып берди. Ал бул багыттагы адистерди даярдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Конференциядан кийин окутуучулар бир катар окуу жайларга, анын ичинде Джямусин профессионалдык-техникалык институтуна жана Синьцзян кесиптик университетине да барып, эл аралык кызматташуу маселелерин талкуулады.
Кытайдын эл аралык билим берүү боюнча жылдык конференциясы жана көргөзмөсү өлкөнүн билим берүү жаатындагы эл аралык алмашуу ассоциациясынын (CEAIE) чакыруусу менен уюштурулду.
Комментарийлер