ОшМУ Кванджу университети менен кызматташат

  • 25.01.2024
  • 0

Ош мамлекеттик университети менен Түштүк Кореянын Кванджу университети менен ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

ОшМУ Кванджу университети менен кызматташат

Эки тараптуу кызматташууга кол коюу аземи Кванджу университетинде өтүп, ага ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсант Аттокуров,  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов,  директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары Дамира Акматова, университеттин аккредитация жана лицензиялоо секторунун башчысы Кулсара  Султановалар катышышты.

Кванджу университети менен түзүлгөн келишимде академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, конок лекцияларды, мастер-класстарды уюштуруу, эл аралык долбоорлорду, илимий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүү, кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгууга багытталган кызматташтыктар камтылган.

ОшМУ Кванджу университети менен кызматташат

Делегация иш сапардын алкагында  Пусан университетинде да болушуп,  академиялык мобилдүүлүк боюнча аймак таануу адистигинде билим алып жаткан Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери менен да жолугушуп, алардын окуу пландары, жашоо шарттары боюнча пикир алышып, сунуштарын угушту.

Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын  кызматташтыктарын бекемдөөнү максат кылган иш сапар окуу жайдын Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин жетекчилиги тарабынан демилгеленген. Иш сапар 21-январдан 27-январга чейин уланып, делегация Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларында байланыштарды кеңейтүү багытында жолугушууларды өткөрүшөт.

А.ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер