ОшМУ дүйнөлүк «Exclusive World Records» китебине кирди

  • 27.03.2025
  • 0

Дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын ичинен алгачкы жолу Ош мамлекеттик университети Индиянын белгилүү «Exclusive World Records» китебине кирди.  «Exclusive World Records» (Эксклюзив Ворлд Рекордс) уюмунун өкүлү ректор Кудайберди Кожобековго тастыктоо төш белгиси менен диплом тапшырды.

ОшМУ дүйнөлүк "Exclusive World Records" китебине кирди

Рекорддор китебине кирүүдө негизги критерий катары индиялык студенттердин арасында окуу жайлар тууралуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы каралган. Анда ОшМУ тууралуу оң пикирлер басымдуулук кылып, жогорку баага ээ болгон.

ОшМУ дүйнөлүк "Exclusive World Records" китебине кирди

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан 4000ге жакын студент салтанаттуу түрдө ант берди. Учурда ОшМУда 9000ге жакын чет элдик студент билим алууда.

«Exclusive World Records» – дүйнө жүзүндөгү өзгөчө жетишкендиктерди жана рекорддорду чогулткан эл аралык китеп болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Комментарийлер