ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

  • 16.01.2023
  • 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика жана окутуунун методикасы боюнча кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу өткөрүлдү.
ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ
Ага Ош медициналык, Ош аймактык жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледждеринин окутуучулары катышып, иш чара 2-январдан 14-январга чейин уланды. Мында окуу жайдын “Педагогика жана психология” кафедрасынын окутуучулары: Жыпаргүл Шербаева жана Мавлюда Ысакова мыкты сабактарын тартуулап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө “Жылдын мыкты мугалими – 2021” номинациясынын ээси Ильгиз Шамурзаев заманбап сабактарды уюштуруунун жолдорун көрсөтүп берди. Ошондой эле “Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу” кафедрасынын окутуучулары Гүлмира Долонова, Гүлзада Сагынбаева, Кайратгүл Кошуева, Тамара Маматеминова жана башка окутуучулар активдүү катышты.
Белгилей кетсек, аталган иш чара ОшМПУнун мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгында окутуучуларга сертификаттар тапшырылды
Бөлүшүү

Комментарийлер