Ош шаарындагы орто кесиптик окуу жайларында интеллектуалдык таймаш өттү

  • 26.09.2024
  • 0

25-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана  Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата Ош шаарындагы  орто кесиптик окуу жайларынын (колледждеринин) студенттери  арасында “Билимдүү муун — Өнүккөн Кыргызстан үчүн ” аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Интеллектуалдык таймаш КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иш боюнча  ишмердүүлүгүнүн  «Интеллектуалдар» борбору тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарындагы кесиптик окуу жайларынын студенттеринен куралган 11 команда келди.

Ош шаарындагы орто кесиптик окуу жайларында интеллектуалдык таймаш өттү

Иш чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Каныбек уулу Эркинбек, Билим берүүнүн куратору, Ош шаардык мэриясынын өкүлү Уулкан Бактыбаева, Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, Ош шаарындагы кесиптик окуу жайларынын жетекчилери катышты.

Ош шаарындагы орто кесиптик окуу жайларында интеллектуалдык таймаш өттү

КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Асанович, жаштардын дүйнө таанымын, логикалык ой жүгүртүүлөрүн, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында өтүп жаткан билим таймашы студенттер арасында өз ара изденүүгө түрткү берерин айтып, Ош шаарындагы орто кесиптик окуу жайларынын студенттерин  ынтымакка чакыруу менен тыгыз байланышта иш алып барууга үндөдү.

Оюн жогорку деңгээлде уюштурулуп, жыйынтыгында 1 –орунду КӨЭАУнун  кесиптик колледжинин «Достук» командасы, 2-орунду Ош көп профилдүү колледжинин командасы, 3-орунду Ош курулуш колледжинин «Мурас» командасы багындырды. «Мыкты оюнчу» номинациясы менен Ош айыл чарба техникумунун студенти Шумкарбек уулу Бекбол сыйланды.  Жеңүүчүлөргө университет тарабынан  диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми активдүү катышкан командаларга КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан Ыраазычылык каттар,  Ош шаардык жаштар комитетинин  атынан акчалай сыйлыктар берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер