ОШ ОБЛУСУНДАГЫ PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ЭКИНЧИ АПТАСЫ БАШТАЛДЫ

  • 07.04.2025
  • 0

7-апрель күнү Ош облусундагы окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA — 2025) негизги изилдөөсүнүн экинчи аптасы башталды.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ЭКИНЧИ АПТАСЫ БАШТАЛДЫ

Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаеванын берген маалыматына таянсак, график боюнча  Алай районундагы № 7 Сары Молдокулова атындагы орто мектеби (18 окуучу); Алай районундагы “Алай Жаннат” билим берүү комплекси (1 окуучу); Ноокат районундагы Гафур Гулям атындагы орто мектеби (40 окуучу) жана Өзгөн районундагы № 14 Абдулла Тангатаров атындагы орто мектеби (42 окуучу) катышууда.

— Жалпысынан бүгүн облус боюнча 101 окуучу аталган изилдөөгө катышууда. Ушуну менен Ош облусу боюнча буга чейин жалпы 27 мектепте изилдөө иши жүрдү. Ал эми 12-апрелге чейин дагы 6 мектепте улантылат. Тестирлөөгө облустагы 33 жалпы билим берүү уюмунан 1503 окуучу: кыргыз тилинде 1070, орус тилинде 195, өзбек тилинде 241 окуучу катышууда, — дейт жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер