ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

  • 27.08.2024
  • 0

26-августта болуп өткөн Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин салттуу Август педагогикалык кеңешмесинде заманбап билим берүү системасындагы жаңылыктар, реформалар, ошондой эле мектеп программаларынын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Кеңешмеге Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баш болгон жетекчилер, облустук коомдук уюмдардын жетекчилери, ЮНИСЕФ, МЕРСИКО эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик админстрациялардын башчылары-акимдер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, Ош билим берүү институтунун кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана жалпы эле облустагы билим берүү кызматкерлери катышты.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Иш-чарада Догдуркүл Кендирбаева “Алтын Казык” программасы боюнча презентациясын жасады.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев куттуктоо сөз сүйлөп, предметтер боюнча жылдын мыкты мугалимдерине, жылдын мыкты тарбиячыларына, жылдын мыкты билим берүү мекемелерине, эмгек сиңирген ардагерлерге баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Кеңешменин жүрүшүндө эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да сөзгө чыгып, билим берүү жаатындагы кызматташтыктардын натыйжаларына токтолушту. Андан соң Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева 2023-2024-окуу жылындагы жетишкендиктерге токтолуп, алдыдагы пландар боюнча презентация жасады.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө алыстан конок катары чакырылган Казакстандагы Назарбаев университеттин профессору Дүйшөнкул Шаматов, Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү, КРдин эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов баш болгон спикерлердин катышуусунда “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” аттуу панелдик талкуу өткөрүлдү.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Бул Кеңешме педагогдордун кесиптик өсүүсүнө түрткү болуп, жаңы окуу жылына шыктандыра турган маанилүү аянтча болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер