«Мектептер 2030»: Климаттык көйгөйдү чечүүгө айылдык мектептеги инновациялык ыкма

  • 30.11.2024
  • 0

«Мектептер2030» долбоору Кыргызстандын билим берүү тармагына болгон мамилени кандайча өзгөртүп жаткандыгынын айкын мисалдарынын бири Ош облусунун Сопу-Коргон айылындагы №3 мектеп болду. Аталган мектепте мугалимдер жана студенттер окуучулар салттуу дисциплиналарды жигердүү өздөштүрүү менен чектелбестен, актуалдуу көйгөй болгон климаттын өзгөрүшүн чечүүгө салым кошо турган окутуунун инновациялык ыкмаларын колдоно башташты. Бул иш-чаралар окуучулардын жоопкерчиликтүү атуул катары өсүп-жетилишине да негиз түзүүдө. 2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун Мектептер2030 долбоорунун алкагында өтө турган Улуттук форумда бул мектептин уникалдуу тажрыйбасы көрсөтүлмөкчү. Форум глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн билим берүү ыкмаларын өзгөртүүдө мугалимдер кантип лидер боло аларын жана болушу керек экенин талкуулоодо маанилүү платформа болуп берет.

Күнөсканадан башталган чоң өзгөрүүлөр

Мектептеги күнөскана долбоору Мектептер2030 Программасынын климаттык билим берүү демилгелеринин негизги бөлүгү болуп калды. Бул долбоордун алкагында окуучулар өз колдору менен жашылчаларды өстүрүп, айыл чарба иштеринде математикалык жана финансылык сабаттуулугун колдонууга үйрөнүштү. Жашылчаларды өстүрүү процессинде окуучулар жер семирткичтердин туура көлөмүн эсептеп, түшүмдүн наркын аныктап, жарманкеде сатуу аркылуу ишкердик көндүмдөрүн калыптандырууда.

"Мектептер 2030": Климаттык көйгөйдү чечүүгө айылдык мектептеги инновациялык ыкма

Математика жана финансылык сабаттуулук гана эмес, биология жана технология сабактары да күнөскана иштери менен айкалыштырылган. Окуучулар өсүмдүктөрдүн өсүү циклин изилдеп, туура сугаруу ыкмаларын өздөштүрүштү. Бул алардын айлана-чөйрөнү коргоого болгон мамилесин калыптандырууга өбөлгө түзүүдө.

Окуучу Дилназ Бердибекова мындай дейт:

«Мен бул долбоорго катышпаган окуучуларга сөзсүз катышууну сунуштамакмын. Анткени бул жерден турмушта чындап керек болгон абдан пайдалуу билимдерди үйрөнүк. Жашылчаларды өстүрүүдө жоопкерчиликтүү болууну, убакытты туура пландаштырууну жана жөнөкөй нерселерден да чоң идеяларды жаратууну түшүндүк. Бул жөн гана окуу эмес, келечекке ишенимдүү кадам таштоонун жолу болду деп ишенем.»

Күнөскананын негизинде окуучулар өздөрүнүн алган билимдерин турмушта колдонуп, үй-бүлөлүк чарбаларын башкарууда ата-энелерине жардам бере башташты. Алар өз билгендери менен башкаларга үлгү болуп, үй шартында дагы жашылчаларды өстүрүү боюнча демилгелерди колго алышууда.

"Мектептер 2030": Климаттык көйгөйдү чечүүгө айылдык мектептеги инновациялык ыкма

Изилдөө, турмуштук көндүмдөр жана кыйынчылыктарды жеңүү

Күнөскана долбоорунун жүрүшүндө окуучулар изилдөөчүлүк көндүмдөрүн да өнүктүрө алышты. Алар өсүмдүктөрдүн өсүү шарттарын изилдөө үчүн күндөлүктөрдү жүргүзүп, убакытты жана ресурстарды туура пайдаланууга үйрөнүштү. Ар бир окуучу өзүнө тапшырылган өсүмдүктүн күндөлүгүн жазып, өсүү процесстерин тыкыр көзөмөлдөдү. Бул алардын жоопкерчилигин жогорулатып, лидерлик сапаттарын өстүүрдө.

Бирок долбоордун башталышында суу жетишсиздиги жана кыш мезгилиндеги катуу сууктар сыяктуу кыйынчылыктар жаралган. Мындай көйгөйлөрдү жеңүү үчүн мугалимдер жана окуучулар биргеликте суу менен камсыздоо системаларын жакшыртып, суукка туруктуу жашылчаларды өстүрүү боюнча иштерди да ишке ашырышкан. Бул тажрыйба окуучуларга проблемаларды чечүү жана өз иш-аракеттерин пландоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүүдө.

Мугалим Сарыбаева Дарыйкан мындай деп белгилейт:

«Бул долбоор аркылуу окуучулар жоопкерчиликтүү болууга гана үйрөнбөстөн теория менен практиканы айкалыштырууга чыныгы турмуштагы көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүлүктөрүн артырууга калыптанышты. Климаттык билим берүү алардын келечеги үчүн негизги башат болуп калат деп ишенем. Бул долбоорго катышкандан кийин биздин мектепте бир канча өзгөрүүлөр болду. Алсак күнөскана долбоору климаттын өзгөрүшү жөнүндө аз болсо да башкача ойлонууга түрткү берди. Бул бир гана математикалык сабаттуулугун жойбостон STEM багытында да негизги башат болуп калды десем жаңылышпайм. Окуучулардын математика сабагына болгон кызыгуулары арты. Мисалы мурда математика сабагын аябагандай оор сабак билсек кийинки учурларда  математика  сабагына кызыккан окуучулардын саны өстү.»

"Мектептер 2030": Климаттык көйгөйдү чечүүгө айылдык мектептеги инновациялык ыкма

Коомчулукту тартуу: билим берүү жана жоопкерчилик

Долбоор мектеп менен коомчулуктун ортосундагы байланышты да күчөтө алды. Ата-энелер күнөскананы курууга гана жардам бербестен, балдары менен биргеликте активдүү катышуучуларына айланды. Мектепте уюштурулган «ачык эшик күндөрү» коомчулуктун долбоордун натыйжалары менен жакындан таанышууга шарт түздү. Ата-энелердин болгон кызыгуусу жана колдоосу окуучуларга дем-күч бер алды.

Кошумчалай кетсек, мектептин мугалимдери башка билим берүү мекемелери үчүн семинарларды жана ачык сабактарды уюштуруп, тажрыйба бөлүшүүнү улантууда. Бул иш-аракеттер климаттык билим берүүнү Кыргызстандын башка мектептеринде да кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келе жатат.

"Мектептер 2030": Климаттык көйгөйдү чечүүгө айылдык мектептеги инновациялык ыкма

Улуттук форум жана келечекке багыт

Сопу-Коргон айылындагы №3 мектептин демилгелери климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө билим берүүнүн чечүүчү ролун тастыктады. Күнөскана, финансылык сабаттуулук жана турмуштук көндүмдөрдү өстүрүүгө багытталган иш-аракеттер окуучуларга гана эмес, жалпы коомчулукка да жаңыча дем берди. Бул долбоор Кыргызстандын бардык мектептери үчүн үлгү болуп, билим менен практиканы айкалыштыруу аркылуу глобалдык көйгөйлөргө жооп кайтаруунун натыйжалуу жолдорун ача алат деп ишенебиз.

Мектеп 2024-жылдын декабрь айында өтө турган Улуттук форумда өзүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Форум климаттык көйгөйлөргө жооп берүү боюнча жаңы идеяларды жана долбоорлорду талкуулап, башка мектептер үчүн үлгү болууга шарт түзөт. Бул платформа мугалимдерге, изилдөөчүлөргө жана мамлекеттик органдарга билим берүү аркылуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мектептер–2030 — бул дүйнөнүн 10 өлкөсүндө ишке ашырылып жаткан жана 1000 мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдары, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлары менен 2020–2030-жылдары иштеген глобалдык 10 жылдык изилдөө программасы болуп эсептелет. Программа заманбап дүйнөнүн белгисиздигин ийгиликтүү жеңүү жана коомдун өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандырууда мыкты педагогикалык практикаларды жана чечимдерди табууга жана жайылтууга көмөктөшөт.

"Мектептер 2030": Климаттык көйгөйдү чечүүгө айылдык мектептеги инновациялык ыкма

Бөлүшүү

Комментарийлер