онлайн-курстардын иши жөнгө салынат

  • 03.10.2024
  • 0

Онлайн билим берүүнү иретке келтирген жобо даярдалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Спутник Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында онлайн окуу мекемесин ачкысы келгендерге атайын мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат.

Азыркы учурда онлайн билим алуу жана билим беруу замандын талабы.

“Бул багытта  атайын токтом даярдалып жатат. Анткени онлайн-курстар болгону менен алардын ишин жөнгө салган кандайдыр бир жобо жок”, — деди Абазбек уулу.

Андан тышкары министр төмөнкүлөрдү кошумчалады: миграцияда жүргөн же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештер үчүн Билим берүү министрлиги «Электрондук мектеп» деген платформа түзүлүшү керек деген жобо иштеп чыкты. Аталган программа мектепке барбай туруп толук окууга мүмкүнчүлүк берет. Ал жерде сабактар видео түрүндө даярдалат, кайтарым байланыш бар, тапшырмалар камтылган толук кандуу атайын платформа.

Ошондой эле ал өлкөдөгү бардык кесиптик окуу жайлар жана кыска мөөнөттүк курстар тууралуу кеңири маалыматтар камтылган онлайн-платформа жасалып ишке киргенин дагы кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер