Окуу имараттары ондолуп жаңырган он тогуз окуу жай

  • 05.09.2024
  • 0

Кыргызстанда он кесиптик лицей менен тогуз колледждин окуу имараттары ремонттон өткөрүлдү. Бүгүн Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейдин ремонттон өткөн имараты ачылды, бир эле учурда аны менен кошо 9 коллежд менен 9 кесиптик лицейдин ремонттолгон имараттарын ачуу  иш чарасы онлайн режимде өткөрүлдү.

Бул иш чарага Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Д. Ш. Кендирбаева, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, АӨБ Кыргызстандагы өкүлү Омурзакова Б.М. катышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүүнүн көндүмдөрү”  долбоорун ишке ашырууда. Негизги максаты кесиптик билим берүүнүн инклюзивдүү системасын түзүү болуп саналат, анын ичинде эмгек рыногунун керектөөсүнө жооп берген ишкерлик көндүмдөрүн өнүктүрүү да каралган.

Долбоордун улуттук координатору, министрдин орун басары Расуз Абазбек уулунун айтымында,  төмөнкү компоненттер боюнча иштер аткарылды: башкарууну жакшыртуу жана кесиптик билим берүүнү каржылоо; окуунун сапатын жана окутуу шарттарын жакшыртуу; тармактык кызматташтыкты жана ишкерликти өнүктүрүү. Бул компоненттерди ишке ашыруу максатында 17 кесиптик лицей менен 17 колледжге колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Окуу жайларында окутууну пландаштыруу боюнча жаңы усулдар иштелип чыкты, окуу жайлардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Кабинеттер менен устаканалар жаңы жабдуулар жана оргтехника менен жабылды. Онлайн-конференция өткөрүү үчүн техника сатылып берилди. Ошондой эле окуу жайлардын имараттарына ремонт жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер