ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
- 05.06.2023
- 0
Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде окуу жайдын 70 жылдыгына арналган III эл аралык студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
2-майданн 28-майга чейин онлайн жана офлайн форматта өткөрүлгөн олимпиаданын программасына жогорку окуу жайлары үчүн адистиктердин негизги курстарынын бардык бөлүмдөрү боюнча тапшырмалар киргизилген. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер даярдоонун бардык багыттары боюнча 21 дисциплина боюнча ат салышты.
Интеллектуалдык таймаштын формасы катары студенттердин илимий чөйрөдө теориялык билимин гана аныктоо менен чектелбестен, ѳздѳштүргѳн билимди салттуу эмес кырдаалдарда иш жүзүндѳ колдонуу жөндөмүн ачууга, чыгармачылык ой жүгүртүүгѳ мүмкүндүк берет.
Олимпиадага ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖОЖдордон 800дөн ашык студент жигердүү катышып, жыйынтыгында 83 алдыңкы студент I, II, III даражадагы дипломдор жана демөөрчүлѳрүлөр тарабынан баалуу белектер жана сыйланышты.
Комментарийлер