ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

  • 18.02.2025
  • 0

Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасынын 2-райондук этабы башталды. 

ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Алсак, Ак-Суу айылындагы С.М.Киров атындагы гимназия мектебинин базасында өтүүдө. Жалпы район боюнча 10 предметтен 410 окуучу катышууда. Ал эми  Ат-Башы районунда олимпиадага жалпы 395 окучу катышып, физика, математика,  химия, биология, география, кыргыз тили, орус тили жана англис тили предметтеринен билимин сынашууда.

ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛДЫОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Аталган сынакка коомдук уюмдардан түзүлгөн Байкоочу кенештин мүчөлөрү катышып, көз салышууда.

Жобого ылайык чет тилинен башка предметтер боюнча эки саат бою жазуу иштерин аткарышат. Тапшырмалар электрондук вариантта келип түшкөн. Олимпиаданын жүрүшүнө ата-энелер жана коомдук уюмдун өкүлдөрүнөн турган комиссия байкоо жүргүзүшсө, көз карандысыз талаш-тартыш комиссиясы тапшырмаларга жана иштерге байланыштуу талаш маселелерди карашат. Окуучулардын коопсуздугун, саламаттыгын камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери жана дарыгерлер эки күн бою көзөмөл кылышат.

ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Белгилей кетсек, олимпиада окуу жылынын ичинде төрт этап менен өткөрүлөт: — I этап – мектептик,  II этап – райондук, III этап облустук, IV этап республикалык.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер