ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫЧА КӨЗ КАРАШТА БИЛИМ, ТАРБИЯ БЕРҮҮ

  • 20.01.2023
  • 0

“Билим  кербени” аттуу долбоорду негиздеп, учурда мектеп  мугалимдерине мотивация иретинде тренинг-семинарларды өтүп келе жаткан Бийик Рыскулов, “Маариф” билим берүү комплексинин  география мугалими. Ал иш күндөрү мектепте окуучуларга билимин берсе, ишемби, жекшемби күндөрү мектептерди кыдырып, мугалимдерге семинарларды өтөт. Демилгечи мугалим бул долбоорунун негизги максаты катары коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү моюнга алуу жана окуучуларга жаңыча көз карашта билим, тарбия берүү деп эсептейт. Долбоордун алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди.

ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫЧА КӨЗ КАРАШТА БИЛИМ, ТАРБИЯ БЕРҮҮ

БИЗДИН МИЛДЕТ — БАРДЫК ИШТИН КЕМЧИЛИГИН ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫН БИРДЕЙ ТАРАЗАЛАЙ БИЛГЕН МУУНДУ ӨСТҮРҮҮ

Бүгүнкү күндө коомчулукта болуп жаткан бардык терс көрүнүштөр, коомчулук бир иштин тескери жагын же катасын гана көрүп, артыкчылык жагына маани бербей жатканы, ошол илгерки кездеги билим, тарбияга барып такалат десем болот. Бул ошол кезде туура эмес тарбия алганбыз деген сөз эмес. Болгону ал кездеги тарбия бизди каталарды көбүрөөк көргөнгө үйрөтүп коюптур десем болот. Окуучу туура эмес бир нерсе кылып алса урушуп, каталарын кызыл калем менен оңдоп, окуучунун шагын сындырып койгон учурлар көп эле болчу. Ал эми азыркы өсүп келе жаткан муунга башкача ыкма колдонушубуз керек. Мисалы, башка өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын карап көрсөк, алар окуучулардын катасын кызыл калем менен оңдобойт. Тескерисинче, артыкчылыктарын жашыл калем менен көргөзүп, окуучуга мотивация берип, артыкчылыктарын көбүрөөк көргөнгө аракет кылат экен. Ошондуктан биздин милдет наалыбаган, бардык иштин кемчилигин жана артыкчылыгын бирдей таразалай билген келечек муунду өстүрүү болуп саналат.

ЖАҢЫЧА КӨЗ КАРАШТА БИЛИМ БЕРЕ АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК

Мугалим – убагында окуп, диплом алып койгону үчүн гана мугалим болуп калбайт.  Мугалим окуучу менен баарлашканда алар мугалимдин дүйнө таанымынан үлгү алгыдай, кең пикирдүү болушу керек. Замандын талабына ылайык бренддеги мугалим болуу зарыл. Албетте, коомчулук талап кылган, күчтүү мугалим болуш үчүн замандын агымына жараша окуп, жаңы нерселерди үйрөнүп, жаңыча көз карашта билим бере алышыбыз керек. Тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүк бардык эле мугалимдерде боло бербейт. Ошондуктан ушул долбоорду негиздеп, ар бир чакырган мектепке барып, турмуш-шартына байланыштуу мүмкүнчүлүгү жок болуп жаткан мугалимдерге колумдан келишинче тажрыйбам менен бөлүшүп келе жатам. Алар дагы жакшы пайдасы тийип жатканын айтып, ыраазычылык билдирип жатат.

ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫЧА КӨЗ КАРАШТА БИЛИМ, ТАРБИЯ БЕРҮҮ

АТААНДАШТЫКТАН КЫЗМАТТАШУУГА ӨТҮҮ УЧУРУ КЕЛДИ

Ар бир мугалим окуучу үчүн болбосо да, өзү үчүн билимин жогорулатуучу ар кандай окуу курстарынан өтүп турса жакшы болоор беле дейм. Андан сырткары мугалимдер арасында атаандаштыктан кызматташууга өтүү учуру келди го деп ойлойм. Мугалимдер бири-бирине билгенин үйрөтүп, бири-бири менен тыгыз кызматташа баштаганда билим деңгээли да абдан жакшы көтөрүлөт. Эң негизгиси замандын агымынан калбай, ар тараптуу өсүп-өнүгүүнүн үстүндө болуп турушубуз керек. Ошондой эле ар бир өтүлгөн семинарда ар бир мектептин жана мугалимдин башкаларга үлгү болуп бере ала турган өзгөчөлүгү болушу керек деп мугалимдерге көп айтам. Бул ар тараптуу болушу мүмкүн: спорт, тарбия, билим, маданият жана башка ушул сыяктуу. Ошол нерсенин программасын ар бир мектеп иштеп чыгыш керек.

БҮГҮНКҮ ОКУУЧУ ЭРТЕҢКИ АТА-ЭНЕ, ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК

Семинарларымда класс жетекчилерге, класстык сааттарды өтүүдө кандай методдорду колдонушу керектигине да көбүрөөк басым жасалат. Класс жетекчинин негизги миссиясы болуш керек деп эсептейм. Окуучулар менен тыгыз байланышып, керек болсо ата-энесине айта албаган көйгөйлөрүн класс жетекчисине айтып бергидей жылуу атмосфера түзгөнгө аракет кылуусу зарыл. Мисалы, бүгүнкү окуучу эртеңки ата-эне, эртеңки келечек. Ошол келечектеги ата-энелер азыркы мугалимдерди кийин жылуу көз ирмемдер менен эстеп, кайра мектепке кайрылып пайдасы тие тургандай билим тарбия беришибиз керек деп ойлойм.

ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫЧА КӨЗ КАРАШТА БИЛИМ, ТАРБИЯ БЕРҮҮ

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА АР ТАРАПТУУ САЛЫМ КОШКУМ КЕЛЕТ

Семинар өтүп бериңиз деп чакыргандар көп. Кезек күтүп калгандар да бар. Тилекке каршы, азыркы учурда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы мектептерге гана барганга жетишип жатам. Региондогу мектептерден дагы чакыруулар көп келип жатат. Жумушума байланыштуу азырынча алысыраак чыга албай турам. Бирок сөзсүз региондорду кыдырып семинар, тренингдерди өткөрүү планымда бар. Билим берүү менен гана чектелип калбай, Гапыр Мадаминов жана башка мыкты агай-эжейлерибиз сыяктуу, өзүмдүн көрүп билген тажрыйбаларымды башка мугалимдерге да үйрөтүп, билим берүү тармагына ар тараптуу салым кошкум келет.

Фархат Каныбеков, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер