ОКУУЧУЛАРГА ТЕЛЕФОН КӨТӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАБЫ?

  • 22.01.2018
  • 0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урмат Самаев окуучуларга уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, жалпы эле мектеп окуучулары окуу процесси учурунда уюлдук телефон менен алектенип, окуудан алаксып жатышат. Ал окуучулардын интернет аркылуу ар кандай ыплас видеолорду көрүп, тарбиясына, көз карашына терс таасири тийип жатканын белгиледи.

— Балдардын келечеги — бул улут маселеси. Окуу процесси учурунда уюлдук телефонго тыюу салуу керек, — деди депутат Урмат Самаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер