ОКУУЧУЛАРДЫ СОЦИАЛДАШТЫРУУ: ТҮШҮНҮК, КАРАЖАТТАР, ФАКТОРЛОР

  • 14.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда 2020-жылдын ноябрь айынан бери «Окуучуларды социалдаштыруу: түшүнүк, каражаттар, факторлор» темасындагы семинар-тренинги откөрүлүп келүүдө. Үстүбуздөгү жылдын 13-апрелинде болгон параллелдүү оффлайн/онлайн форматтарындагы семинар-тренингде окуучуларды социалдаштыруу проблемасы «Информатика», «Музыка» жана «Технология» предметтеринин алкагында талкууланды.

ОКУУЧУЛАРДЫ СОЦИАЛДАШТЫРУУ: ТҮШҮНҮК, КАРАЖАТТАР, ФАКТОРЛОР

Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери Айгүл Элебесованын маалыматына таянсак,  семинар-тренингге оффлайн форматында катышкан институттун информатика, технология жана искусство кафедрасынын окутуучулары жана Кыргыз билим берүү академиясынын МК-технологиялар жана Арт-компетенциялар лабораториясынын окумуштуу педагогдору, ошондой эле параллелдүү онлайн форматында 4-курстун жалпы угуучулары катышты.

ОКУУЧУЛАРДЫ СОЦИАЛДАШТЫРУУ: ТҮШҮНҮК, КАРАЖАТТАР, ФАКТОРЛОР

ОКУУЧУЛАРДЫ СОЦИАЛДАШТЫРУУ: ТҮШҮНҮК, КАРАЖАТТАР, ФАКТОРЛОР

— Темага байланыштуу даярдалган актуалдуу баяндамалары үчүн окумуштуу-педагогдор Айжан Ибирайым кызына (педагогика илимдеринин кандидаты), Дамир Акматовго жана Жумабек Дүйшөналиевге, жалпы маалымат берген Алмаз Жакшылыковичке терең ыраазылыгымды билдирем! Айтмакчы, алгачкы семинар-тренингдер 23-ноябрда жана 17-декабрда «Тарых» жана «Адам жана коом» предметтери боюнча өткөрүлүп, окуучуларды социалдаштыруу проблемасы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын» жана анын негизинде иштелип чыккан предметтик стандарттардын алкагында талкууланган, — дейт Айгүл Элебесова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер