ОКУУЧУЛАРДЫ КАНТИП ЛИДЕРЛИККЕ ҮЙРӨТӨ АЛАБЫЗ?

  • 12.01.2024
  • 0

ОКУУЧУЛАРДЫ КАНТИП ЛИДЕРЛИККЕ ҮЙРӨТӨ АЛАБЫЗ?

(Ага Хан Фондусунун «Мектептер – 2030» программасынын Улуттук форуму үчүн панелдик сессияда жасалган баяндама)

Бул теманы ачыкташ үчүн суроодо берилген өзөктүү түшүнүктөргө кайрылып, аларды чечмелөө максатын алдыга койдук. Докладдын алкагында ачыктай турган түйүндүү түшүнүктөр: лидерлик, лидерлик процесс өзгөрүү, өзгөрүүнүн формуласы, команда, стратегиялык команда, уюштуруучулук маданият. Түшүнүктөр токтоло турган аспекттерди аныктоого мүмкүндүк берди:

  1. Лидерлик. Лидерлик процесс.
  2. Команда, стратегиялык команда.
  3. Өзгөрүү. Өзгөрүүнүн формуласы.
  4. Мектептин ишмердүүлүгүнүн жылдык цикли.
  5. Уюштуруучулук маданият. Уюштуруучулук маданияттын компоненттери.

Изилдөөчү Б.Басс лидерликти төмөнкүдөй түшүндүрөт: «А өкүлүнүн (тобунун) максаты В өкүлүнүн (тобунун) иш-аракетин өзгөртүү, баш ийдирүү болсо, анда А өкүлүнүн (тобунун) аракети лидерлик жүргүзүү болуп саналат. В өкүлү (тобу) мындай иш-аракеттен кийин өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртүүсү мүмкүн. Бул учурда ийгиликтүү лидерлик ишке ашат. В өкүлүнүн (тобунун) өзгөрүүсү канааттанууну, пайданы, көздөгөн максатты алып келсе, натыйжалуу лидерлик тууралуу айтууга болот».

Лидерлик процесс өзгөрүүлөрдү башкарууну, стратегияны жана аларды сунуштоо үчүн иш-аракеттердин планын иштеп чыгууну билүүнү божомолдойт. Лидерлер өзгөрүүлөрдү туура башкарууну үйрөнүшмөйүнчө (абдан жакшы идея бар болгон учурда да), каалаган ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес.

Эгерде лидерлик процесс өзгөрүүлөрдү башкарууну камтыса, анда биз өзүбүзгө суроо берүү менен, ага жооп табышыбыз керек. Эң алгачкы суроо: «Өзгөрүү деген эмне?» Эгерде бул суроонун жообу Сизди канааттандырбаса, аны түшүнүүгө түрткү болгон суроолорго жооп берип көрсөңүз болот:

►Бир жылдын ичинде болгон өзгөрүүлөр:

А) Кесиптик тармакта

Б) Үй-бүлөдө

В) Руханий тармакта

Д) Коомдо

Өзгөрүү процесси кандай жүрө турганын түшүндүрүү үчүн Ричард Бекхард жана Девид Глейчер иштеп чыккан өзгөрүүнүн формуласына кайрылабыз. Көпчүлүк учурда аны Глейчердин формуласы деп айтышат:

ӨН=К4х Кбх Бк > К4

Өзгөрүүнүн натыйжасына (ӨН) жетүү үчүн үч фактордун катышуусу зарыл:

К4 – учурдагы абал менен канааттанбоо;

К – каалаган келечекти көрө билүү (эмнени жакшыртуу керек?);

Б – ошол көрүнүшкө карата биринчи конкреттүү кадамдар.

Эгерде ушул үч фактордун продукту К4= каршылыкка караганда көбүрөөк болсо, анда өзгөрүү болушу мүмкүн. Көңүл бурсаңар, формулада көбөйтүү белгиси турат, демек кайсы бир өлчөм К, К же Бк жок болуп же деңгээли төмөн болсо, анда продуктун сапаты төмөн болуп, каршылык көргөзө албайт. Көпчүлүк учурда өзгөрүүлөргө каршылыкты экономикалык жана психологиялык каражаттар менен эсептейт. Ошол үчүн өзгөрүү формуласын мындан ары конкреттештирсе болот:

К4 х Кб Х Бк >К4 (э+п)

Бул төмөнкүнү билдирет: эгерде экономикалык каражаттар төмөн болуп, психологиялык жогору болсо (же тескерисинче), анда өзгөрүүлөр болбой калышы мүмкүн. Ошондон улам, өзгөрүү процессинин көйгөйлүү зоналарын бөлүп чыгып, каршылыкты чечүү үчүн конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу керек. Мындай кадам катары мектептин ишмердүүлүгүнүн жылдык циклин сунуштайбыз (1-схеманы караңыз).

Мектептин ишмердүүлүгүнүн жылдык цикли – мектепте стратегиялык команданын түзүлүшүн, алардын ар бир баскычты басып, уюштуруучулук маданиятты өзгөртүүсүн камтыйт.

Стратегиялык команда түзгөн адам эки суроонун үстүнөн иштейт:

  • Мен кимге «Мен Сиз менен иштегим келет, анткени…» деп айта алам?
  • Мен үчүн стратегиялык команда мүчөлөрүнүн кандай көндүмдөрү маанилүү?

Ушул суроолорго жооп табуу менен, лидер мектептин ишмердүүлүгүнүн жылдык циклин ишке ашырып, өзгөрүүлөрдү башкара алат.

Лидер катары биз өзгөрүүлөрдү натыйжалуураак башкара алабыз:

  • эгерде коллективдин пикирин эске алсак, адамдар менен кеңешсек (алар өзгөрүү менен макул болбогон учурда да);
  • ар бир эксперимент – бул процесс, анда каталар да болушу мүмкүн, ошондуктан эгерде кээ бир нерселер биз каалагандай болбосо, биз чыдамкай болушубуз керек деп түшүндүрсөк;
  • эгерде биз кандайдыр бир аракеттенүүдөн кийин, белгилүү идея иштебей жаткандыгын кабыл алууга даяр экенибизди айтып, адамдардан чынчыл маалыматты күтө турганыбызды түшүндүрсөк;
  • өзгөрүү процессине ар бир катышуучусунун ийгиликке алып келген салымын тааный алсак;
  • өзгөрүү процессин ишке ашыруу мөөнөтүнө ийкемдүү мамиле жасасак (эгерде процессти ишке ашырууга абдан шашсак, жакшы идеянын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалабастан жокко чыгарып алабыз).

Корутунду иретинде эки ооз сөз…

Эгерде мугалимдерде өзгөрүү процессине катышууга өз каалоосу пайда болсо, анда мектептин стратегиялык командасы ийгиликтүү иштейт.

Өзгөрүүлөрдү туура башкарууну, стратегиялык команданы түзүүнү, уюштуруучулук маданиятты өзгөртүүнү камтыган иш-аракеттерди жүргүзүү менен, лидерлик процессти күчөтүүгө колдоо көрсөтө алабыз.

Миркүл ЭСЕНГУЛОВА,
И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу

Бөлүшүү

Комментарийлер