ОКУУЧУЛАР КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 08.04.2026
  • 0

ОКУУЧУЛАР КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУКечээ жакында алыскы Улуу Британиядагы атагы таш жарган Кембридж университетинин англис тилин баалоо департаментинен жагымдуу кабар келди. Анда,  Өзгөн шаарынын  №1 Салижан Шарипов атындагы мектебинин 9-д классынын окуучусу Туратбекова Даткайым жана Өзгөн районунун М.Жолдошалиев атындагы мектебинин 7-а классынын окуучусу Сулайманалиев Билал англис тили боюнча эл аралык Кембридж сертификатынын В1-А2 деңгээлине ээ болушту деп айтылат.

ОКУУЧУЛАР КЕМБРИДЖ СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛУШТУ-Эгер, мындай, дүйнө жүзү боюнча 10 миңден ашуун окуу жай, ишкана, мекемелер тааныган, башкача айтканда каалаган өлкөсүнө барып окуп, иштөөгө жол ачкан күбөлүктү Кыргызстандагы мектептери эмес, ЖОЖдору да бербей тургандыгын эске алсак,быйылкы окуу жылынын мыкты окуучусу ким деген суроонун жообу өзүнөн өзү табылат. Аты аталган окуучуларды  экзаменге Кембридждик  сертификаттын профессионалдык С1 деңгээлиндеги ээси Абытова Гүлжан жана ОшМПУ магистранты, жаңы-заманбап методиканын автору Назаралиева Елимгүл даярдады,-даярдады дейт англис тилин окутуу багытында бир катар окуу китептердин автору Шайлообек Назаралиев биз менен болгон маегинде.

Бул ийгилик борбордон алыс жайгашкан мектеп окуучулары да дүйнөлүк алдыңкы билимди багындыра ала тургандыгын далилдеди.  Ш.Назаралиев мындай зор ийгиликтин чоо-жайы туурасында жакынкы аралыкта кененирээк маалымат берерин айтты. Ийгилик жаратып, мугалимдерди, ата-энесин кубанткан окуучуларды билимдеги жетишкендиктери менен куттуктап кетмекчибиз.

М.Кайыпов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер