ОКУУЧУЛАР КҮТКӨН САБАК

  • 09.10.2024
  • 0

Педагогика илими заманбап изилдөөлөргө таянып, окуучуларды кантип окутса алар жакшы өздөштүрөт деген суроого байланыштуу эң алдыңкы теорияларды жана принциптерди иштеп чыкты. Албетте мыкты сабак ар түрдүү болушу мүмкүн. Мен окуучулар күткөн мыкты сабактын негизги касиеттерине кыскача токтолоюн.

ОКУУЧУЛАР КҮТКӨН САБАК1) Мыкты сабактын так максаты болот. Мугалим окуучулардын эмнени үйрөнүшү керек экенин аныктаган так максаттарды иштеп чыгат. Усул тандаганда ошол так максаттарга жетүү үчүн канчалык ылайык экенин эске алат.

2) Активдүү окутуу жана үйрөнүү: окуучулар жөн эле угуп отура берсе билими күчтүү болбойт, көптү үйрөнө албайт. Алар сабакка активдүү катышуусу керек. Мугалим окуучуларды жуптарда же топтордо иштетип, долбоорлор жана практикалык тапшырмалар сыяктуу процесске катыштыруучу усулдарды колдонот. Ал үчүн мугалим мыкты даярданат. Мисалы, тил сабактары болсо, мугалим өзү эле 40 минута сүйлөй берсе, окуучулардын «тили» кайдан чыксын?

3) Класста 30 окуучу болсо, ар бири – өзүнчө инсан. Ошондуктан окуучулардын ар кандай үйрөнүү стилдерин жана муктаждыктарын эске алып, ошого жараша сабакты пландоо керек. Окуучулардын кээ бирлери оозеки баяндап бергенди жакшы көрсө, башкасы практикалык иштерди аткаруу менен; дагы бирөөлөрү жазуу же сүрөт тартуу менен оӊой үйрөнөт, башкалары процессти көрсөтүп үйрөткөндө жакшы өздөштүрөт. Талашып-тартышып маектешкенде же ар кандай ролдук оюндарга катышканда жакшы өздөштүргөндөр бар. Мыкты мугалим өз окуучуларын жакшы билет, ар биринин “тилин таап” окутат. Аларга тапшырмаларды же темаларды тандоо мүмкүнчүлүгүн да берет.

4) Мыкты мугалим сабакты кызыктуу кылып интерактивдүү такталар, билим берүү платформалары жана онлайн ресурстар сыяктуу заманбап технологияларды сабакта эң сарамжалдуу колдонот.

5) Мыкты мугалим окуучулардын сабакты өздөштүрүүсүнө байкоо жүргүзүп, алардын күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, дайыма алга сүрөп турат.

6) Сабакта жөн эле маалымат бербестен, ошол алган билимин талдоого, колдонууга көмөктөшөт. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Окуучулардын өз пикирлерин эркин айта ала турган колдоочу жана коопсуз окуу чөйрөсүн түзөт.

7) Окуучулардын өзүмчүл болушуна, бири бирине атаандаш, каршылаш болушуна жол бербейт. Аларды баа менен коркутуп, контролдобойт. Тескерисинче бири бирине жардам берген, кам көргөн, урматтаган жана кызматташкан инсандарды тарбиялайт. Бул үчүн сабакта жана сабактан сырткары мезгилде жагымдуу жагдайды түзөт.

ОКУУЧУЛАР КҮТКӨН САБАКАлбетте, заманбап мугалимдер мыкты сабак өтүүгө аракет кылуусу керек. Жакшы мугалим дагы деле изденип, өз билимин дайыма тереңдете берет. Ушинский айткандай, «мугалим изденбесе, устаттык касиетинен айрылат”.

Бирок ошол эле учурда мен акыркы жылдары бир кызык тенденцияны байкап жатам. Бир жаш агай мага «көрсө мен деле мугалим боло алат турбаймынбы, куюлуштуруп эле сүйлөй берсем сабак болот турбайбы» деп жазгандай, ушундай ойго азгырылган адамдар четтен чыгууда. Арасында жылдыздар, блогерлер, саясатчылар жана башкалар бар. Мугалимдерди эч нерсе билбейт деп жемелегендер көбөйдү. Маянасы аз экенине карабай кыйналып иштеп жатканда чоӊдор тилдесе, бечара мугалим каяша да айта албайт.

ОКУУЧУЛАР КҮТКӨН САБАКМына мен мугалимдерге кантип сабак өткөндү көргөзөм деп, мектепке барып, класска кирип кооз сүйлөп, өзүнүн сөзмөрлүгүнө маашырлангандар бар. Же кыска тренингдерге катыша калып эле, анан “мугалимдерге акы төлөп окугула” деп курс уюштурганы да бар. Ал эми 1-2 саат баарын отургузуп алып, жомок айткан же мечиттеги «маселеге» окшогон акыл айткандардын ниети жакшы болгону менен, жалпы мугалимдерди адаштырып коюшу толук ыктымал. Ошондуктан, албетте, билим берүүгө кайдыгер болбой баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек. Бирок кээде «чымчык сойсо да, касапчы сойсун» деп, адистердин сөзүн да тыӊшайлы…

Автор тууралуу маалымдама:

ОКУУЧУЛАР КҮТКӨН САБАКДүйшөн Шаматов Астана шаарындагы Назарбаев Университетинде «Билим берүүдөгү лидерлик» программасынын магистранттары жана докторанттары үчүн лидерлик жана изилдөө усулдары боюнча курстарды окутат. Ал Канаданын Торонто университетинин Онтарио билим берүү институтунан докторлук даражасын алган. Ал көптөгөн журналдарда жарыяланган макалалардын автору. Казакстанда, Кыргызстанда, Пакистанда, Тажикстанда жана Йеменде изилдөө жана консультацияларды жүргүзгөн. Дүйшөн Шаматовдун илимий кызыкчылыктары мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, кесипкөйлүгү, окуу программаларын иштеп чыгуу, билим сапаты жана окуучуларды баалоо.  Доктор Шаматов Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, Казакстандын Алтынсарин атындагы медалы менен сыйланган. Дүйшөн Шаматов Талас, Ош мамлекеттик жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу Профессору наамын алган.

Дүйшөн Шаматов,

Назарбаев университетнин Билим берүү жогорку мектебинин профессору, Астана шаары

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер