ОКУУЧУЛАР БИШКЕККЕ САЯКАТКА КЕЛИШТИ

  • 17.03.2023
  • 0

Кочкор районунун мектеп окуучулары арасында өткөн көркөм китеп окуу сынагында финалга чыккан окуучулар Бишкекке үч күнгө саякатка келип кетишти.

Кочкор райондук “Прогресс” коомдук фонду окуучулар арасында уюштурган китеп сынагынын финалисти, К.Акназаров атындагы орто мектептин окуучусу Бегимай Бакасованын айтымында, экскурсия учурунда мурда билип-көрбөгөн көптөгөн маалыматтарды билгенин айтты. “Бул экскурсия мени көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен камсыз кылды. “Билгенден биле элегиң көп” демекчи, мен билбеген көп жерлер, көптөгөн кызыктуу маалыматтар бар экен. Өзгөчө жакканы — көптөгөн жаңы досторду таптым, айрыкча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине саякат өтө жакты. Бул сынак мага өтө пайдалуу болду”.

Экскурсиянын алкагында окуучулар ошондой эле “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде, “Салымбеков” университетинде, Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде, Ата-Бейитте жана башка китепканаларда болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер