Окутуучулар арасындагы интеллектуалдык таймаш
- 27.11.2024
- 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин мугалимдеринин арасында “Креативдүү окутуучу” аталышындагы интеллектуалдык таймаш болуп өттү.
Анда окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков бүгүнкү күндө мамлекет мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын айтып, университеттин жетекчилиги дагы мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарып жатканына токтолду.
Иш-чарага профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева катышып, каалоо-тилектерин билдиришти.
Ал эми жаш окутуучулардын илимий потенциалын, өнөрлөрүн ачууга, билимин өркүндөтүүгө багытталган таймашка колледждеги алты бирикменин жаш окутуучуларынын эки адамдан куралган алты команда катышты. Алар өзүн тааныштыруу, тесттик суроолор, суроо-жооптор, интерактивдүү оюн, өз өнөрүн көрсөтүү этаптары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулап, билимдерин сынашты.
Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө диплоп, акчалай жана баалуу белектер берилди.
Эскерте кетсек, окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөн интеллектуалдык таймашты кесиптик колледждин “Педагогикалык сабактар” бирикмеси уюштурду.
Комментарийлер