ОКУТУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПАРТАКИАДА ӨТТҮ

  • 17.02.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, институттар жана структуралык бөлүмдөр ортосунда аялдар жана эркектер арасында кышкы спартакиада жыйынтыкталды.

Ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулган спартакиада окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлүп, волейбол, стритбол, үстөл тенниси, тогуз коргоол, ден соолук жана кичи футбол боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлерден куралган командалар катышты.

Спартакиаданын соңунда сыйлоо аземи болуп ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген гуманитардык-технологиялык колледжи 20 миң сом акчалай сыйлык менен, экинчи орунга чыккан архитектура жана курулуш институту 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланса, үчүнчү орунду алган Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 10 миң сом акчалай жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер