Окумуштуунун юбилейине арналды

  • 20.02.2025
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор, Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, КР Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку ээси, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Абылабек Асанканович Асанкановдун 70 жылдык юбилейине арналган “Даанышман окумуштуу, илимге багыттаган устат” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Окумуштуунун юбилейине арналды

Конференциянын алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева академик Абылабек Асанкановдун 70 жылдык юбилейи менен куттуктап, бекем ден соолук жана илимий ишмердүүлүгүнө орошон ийгиликтерди каалап, «Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек сиңирген ишмери» төш белгисин тапшырды.

Окумуштуунун юбилейине арналды
Конференцияга академик Абылабек Асанканов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, КР УИАнын мүчө-корр. Чолпон Койчуманова, РИАнын мүчө-корр., РИАнын Жалпы тарых институтунун директору Липкин Михаил Аркадьевич (онлайн катышуу), Аль-Фараби атындагы КазУУнун профессору, т.и.д. Аманжол Боранбайулы (онлайн катышуу), Калыш Түркиянын Карабах университетинин окутуучусу, т.и.к. Абдуллах Яхши (онлайн катышуу), Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин башчысы, т.и.д., профессор Жээнбек Алымбаев, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент, т.и.к. Жылдыз Омурзакова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, т.и.к. Орозбек Солтобаев, Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Этнология бөлүмүнүн башчысы, т.и.д., профессор Амантур Жапаров, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, т.и.к. Салайдин Эралиев жана Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин профессордук-окутуучулар курам жана студенттери катышты.
Конференциянын алкагында академик А.А.Асанкановдун илимий эмгектеринин көргөзмөсү коюлуп, өмүр жолу, ишмердиги тууралуу презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулду.

Окумуштуунун юбилейине арналды
Конференциянын жыйынтыгында академик А.А.Асанкановго И.Арабаев атындагы КМУнун атынан атайын сыйлыктар, куттуктоолор тапшырылды.
Конференция КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер