ОКУМУШТУУЛАРДЫН АВТОРДУК УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР
- 25.10.2023
- 0
ОшТУ “Интеллектуалдык менчиктин укуктары жана объектилери менен бүтүмдөрдү кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясы менен “Санариптик технологияларды өнүктүрүү контекстинде окумуштуулардын автордук укуктарын коргоо” темасында эл аралык семинар уюштурду.
Семинардагы тренер баяндамачылар: Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук реестринин башкы директору Трубар Николай (Россия, Москва), КРдагы Фонмиксти өнүктүрүү боюнча директор Буняк Виктор (Россия, Москва), Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын (IPChain Ассоциациясы) КРдагы Өкүлчүлүгүнүн директору Ы.Турсуналиева жана кеңешчиси Ж.Садыкова билим берүү тармагында блокчейн технологияларын колдонуу, илимпоздордун автордук укуктары, ошондой эле илимий эмгектерди сактоо үчүн санариптик платформалар, санариптештирүү шартында илимий эмгектердин авторлорунун ролу, глобалдашуу шартында илим мейкиндигиндеги интеграциялар жөнүндө бандама жасашты жана санариптик трансформациянын алкагында илимий эмгектердин авторлорунун укуктарынын көйгөйлөрүн талкуулашты.
Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТунун басма сөз катчысы
Комментарийлер