ОГПИНИН ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

  • 30.06.2020
  • 0

20-22-майда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун атайын орто кесиптик билим берүү  боюнча  050303 — чет тили адистиги кѳз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, билим берүү ишмердигин улантуу үчүн атайын сертификатка ээ болду.

ОГПИНИН ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Билим берүү программасын баалоо онлайн форматында аралыктан болуп, «Эл баасы» кѳз карандысыз аккредитациялык агенттиги тарабынан жүргүзүлдү.

Эксперттик топ окуу жайдын «Ѳзүн-ѳзү баалоо отчету, укуктук  жана окуу документтери, инфраструктурасы ж.б. менен таанышып чыккандан кийин  профессордук-окутуучулук курам,  ата-энелер,  адистикте билим алып жаткан студенттер, жумуш берүүчүлѳр  жана ректор, декан, кафедра башчылары менен аралыктан маектешип, аккредитациялык талаптардын аткарылышына жооп алды.

ОГПИНИН ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер