ОГПИДЕН УСУЛДУК КОЛДОО

  • 22.01.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында атайын семинар, курстар өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

ОГПИДЕН УСУЛДУК КОЛДОО

Аталган семинар институттун алдындагы “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжинин жана Араван районундагы “Дулдул-Тоо” колледждиндеги медициналык, экономикалык жана укук бөлүмүнүн мугалимдери билим алышууда. Мында катышуучулардын педагогика жана окутуунун методикасы боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн ОГПИден тиешелүү багыт боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары көргөзмөлүү сабактарды, билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча масстер класстарды өтүп жатышат.

ОГПИДЕН УСУЛДУК КОЛДОО

Семинар планга ылайык эки жумага уланып, жыйынтыгында жалпы катышуучуларга окуу жай тарабынан квалификациялык атайын сертификат тапшырылат.

Белгилей кетсек “ОГПИден усулдук колдоо” долбоорунун негизинде жергиликтүү жана алыскы райондордун мугалимдерине семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер