ОБЛУСТУК СЕМИНАР
- 14.06.2023
- 0
ОБЛУСТУК СЕМИНАР
“Туризм — келечектин сабагы” аттуу облустук усулдук-практикалык семинар 2023-жылдын 8-июнунда Кара-Кой жайлоосунда өткөрүлдү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2021-2026-жылдарга инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Семинарда Ноокат райондук Балдардын чыгармачылык борборунун “Экология жана Туризм” багытындагы ийрим мугалимдери заманбап усулдарды колдонуп, креативдүү сабактарды, мастер класстарды зор чеберчилик менен өтүп беришти. Мыкты мастер класстардын авторлору Ош облустук Балдардын чыгармачылыгы борборунун Ардак грамотасы менен сыйланышты. “Тоо туризми” ийриминин мугалими Ташполот уулу Саматтын иш тажрыйбасы облустук деңгээлде жайылтылды.
Бул семинар-тренингди максаттуу жана натыйжалуу өткөрүү үчүн Ноокат райондук региондорду өнүктүрүү фондунан 250 000 (эки жүз элүү миң) сом туристтик жабдыктарды алуу үчүн бөлүндү. Ага жалпысынан 32 түрдүү туристтик буюмдар алынды.
Эркин ЭРГЕШОВ, Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору
Комментарийлер