НУРДУУ ЖАМГЫР ЖААГАН ЖЫЛ

  • 20.10.2024
  • 0

Редакциядан: Аялзатынын үй-бүлөдөгү, турмуш-тиричиликтеги эле эмес, коомдогу да ордун бийик туткан улуттун келечеги кеӊ болот. Алыскы Каратегинден Кыргызстанга келип жогорку билим алган алгачкы кыздардын бири, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Гүлбара ОРОЗОВАнын “Каратегиндик кыз” эскерүү баянынан тарыхый-маданий мааниси абдан чоӊ окуялардын шооратын сезүүгө болот. Өзүнчө көркөм чыгармага же өтө таасирдүү сценарийге негиз болгудай ошол китептен үзүндүлөрдү окуп коюӊуздар.

НУРДУУ ЖАМГЫР ЖААГАН ЖЫЛ

УИА корреспондент-мүчөсү, белгилүү фольклорист, ф.и.д. Раиса Кыдырбаева менен.

 

НУРДУУ ЖАМГЫР ЖААГАН ЖЫЛ

 

Менин кантип жогорку билим алып калганым башкалар үчүн жомок. Мен үчүн чындык. Биздин Кара-Шородогу мектеп төрт жылдык эле. 5-класстан баштап аралыгы төрт чакырым келген Жайылган кыштагындагы он жылдык орто мектепте окуйбуз. 1974-жылы мектепти бүтүп, совхоздун талаасында иштеп жүрөбүз. Талаада классташ кыздар башкаларга угузбай окуу жөнүндө сүйлөшөбүз. Анын качан башталарын, кантип барарыбызды, кандай документ керек экенин деле билбейбиз. Ал боюнча такыр маалымат жок. Алыскы бир тоонун арасындагы кыштакта жашасак. Телевизор, свет болбосо. Айтмакчы, биздин кыштакка свет ошол 1974-жылы кышында келген. Ошол күндөрү биз Төрт-Гүлдө орулган чөптү машинелерге жүктөп иштеп жаткан учур.

 

Көздөн окулган чындык

 

27-июль күнкү жаан менин тагдырымды аныктаган нур жаан болгон. Эгер жаан жаабаса биз Жайылганга бармак эмеспиз. Окуунун документ кабыл алуу, экзамен тапшыруу мөөнөтү да өтүп кетмек экен. Биз окууга барбай калмакпыз. 27сине караган таңда аябай нөшөрлөп жамгыр жаады. Адаттагыдай эле эртең менен чайхананын алдында ишке чогулдук. Бригадир менин улуу авам Файзидин. Табелчи Муса Файзуллаев. Муса ава келип “бүгүн иш болбойт, чөп суу болуп калды. Бүгүн кургасын, эртең келгиле” деди. Биз классташ кыздар Алча, Бахригүл, мен акырын сүйлөшүп, “жүргүлө Жайылганга барып, Ыса агайга жолугуп окуу качан башталарын, жол жобосун сурап келели” деп, бешиликтерибизди (айрыларыбызды) Чалавай жезде менен Айкыз эженин короосуна жөлөп коюп, кеттик. Барсак Жайылгандын башталышында эле Матазимов Мажит менен Ыса агай машине ремонт кылып жатыптыр. Ыса Сайназаров мектептин директору, физика-математика мугалими эле. Агайды оңой таап алганыбызга сүйүнүп саламдаштык. ”Келгиле, эмне болду” деди агай. Биз “агай биз окууга барабыз, окуу качан башталат, кайда барышыбыз керек” деген сыяктуу толтура суроолорубузду жаадырдык. “Ой, окууга тапшырууга төрт эле күн калбадыбы, аябай кеч болуп калбадыбы, мурдараак эмне келген жоксуңар” деди. Анан ойлонуп, бир топ унчукпай туруп, бизди биринчи көрүп жаткансып тигиле карап, көзүбүздөгү чындыкты окуп жатты.

— Чын эле барасыңарбы?

— Ооба, агай!

— Анда бүгүн кечинде, саат жетилерде ушул машине менен кыштактын ортосундагы чоң көчө менен сигнал берип өйдө-төмөн өтөм, чуркап чыгасыңар, качып жөнөйбүз.

НУРДУУ ЖАМГЫР ЖААГАН ЖЫЛ

Жайылгандагы мектептин бүтүрүүчүлөрү: (солдон оӊго) Орозова Гүлбара, Муратова Алча. Тургандар – Зулпуева Бахригүл, Нурова Турду, Сафарбекова Арзы.

 

Биз аябай кубанып “макул агай” деп, Кара-Шорого кайттык. Үйгө жетип эч кимге билгизбей даярданып, бир кичине чемоданга кийимдеримди салып, аны эч ким байкабасын деп капка салып, сырткы алооханага (очоккана) коюп койдум. Жүрөк дегдеп алып учат. Саат жетиге жакындап келе жатат. Алча классташым экөөбүздүн чоң аталарыбыз бир тууган. Кошуна жашайбыз. Биздин жогорку чоң бактын жол тарабында аябай чоң түп өрүк бар. Ошонун түбүнө ал да мен чуркап чыгабыз. Агай машинеден сигнал бергенде эле чуркап чыгалы деп сүйлөшөбүз. Убакыт өтпөй экөөбүз үч жолу жолугуштук окшойт. Бир убакта машиненин сигналы чыгып, жогору өтүп кетти. Мына эми жүрөктүн жоктугу. Жолдо бизди бирөө тосуп тургансып, такыр эле чыга албайбыз. Агай өйдөгө эки жолу, ылдыйга эки жолу жай айдап сигнал берип өттү. Чыга албадык. Ал андан көп жүрө албайт. Ансыз да эл билип калып түн ичинде Сайдинова Алча менен Зулпиева Бахригүлдү агалары жайлоого алып чыгып кетишиптир. Биздин үйдөгүлөр мен үйдө жүрсөм эч нерседен шек албады окшойт.

 

Коркуу жана чечкиндүүлүк

 

Ошол түн менин өмүрүмдөгү эң узун түн эле. Таң атканча кирпик ирмеген жокмун. Окууга барбай калдым, эми менин жашоом да ушул жердеги аялдардай болорун элестеткенде заманам куурулуп, такыр жашагым келбей, жарыкчылык менен коштошкум келди. Эмне кылсам экен деген суроо мээмден кетпей, таң атканча ойго жанчылып чыктым. Эртең менен кайра жумушка жөнөдүм. Талаага бардык. Биз мен, классташтарым Арзы Сафарбекова, Турду Нурова жана өткөн жылы бүткөн эки кыз бешөөбүз бир машинеде иштейбиз.

Биздин машине кечигип, арыктын жээгинде кечээги окуяны купуя сүйлөшүп отурганбыз. Башкалар иштеп жаткан. Саат ондор чамасында эле Жайылган тараптан чаң ызгытып, машинени катуу айдап келип эле Ыса агай “түшкүлө” деп өктөм сүйлөдү. Биз бир секунд да токтобой бешөөбүз баягы машинеге чуркап барып эле отуруп калдык. Жүрөгүм тарсылдап, азыр эле жарылып кетчүдөй согот.

Агай бизди алпарып мектепке киргизип, бир класста көрсөтмө курал салган чоң темир шкаф бар эле, ошого камап, “акырын сүйлөшкүлө, кокус бирөө-жарымдын мектепке киргенин байкасаңар үн чыгарбай, кыймылдабай тып-тынч отургула, мен башка машине таап келейин, бул машинени таанып калышты, артыбыздан куугунчулар түшүшү мүмкүн” деп, сыртыбыздан шкафты кулпулап, анан мектепти сыртынан кулптап кетти. Биз ал жерде өтө эле көп олтурдук, кыйналганыбызга да кайылбыз. Эптеп эле окууга барсак болду. Тээ саат үчтөрдө агай сыртында “Алтай” деген жазуусу бар, терезеси жок, жашыл “дүк машинени” айдатып келди. Биз дароо ага олтуруп райондун борборуна жөнөдүк. Саат бештер чамасында жеттик. Бизди райадминстрация тосуп алды. Бизде өзүбүздөн башка эч нерсебиз жок. Паспорт, аттестат ж.б. керек. Отуруп турдук. Биз үчүн башкалар чуркап жатты. Бир убакта райондук “Коммунист” газетасынын сүрөтчүсү келип баарыбызды паспортко сүрөткө тартып кетти. Ыса агай бизди таштап эле кайра келген машине менен шашылыш Жайылганга жөнөп кетти. Мектепке барып аттестат жазып келиш керек болду. Жайылган менен райондун борборунун ортосу 45 км. жол. Кечинде бизди биздин айылдаштарыбыз Бахап ава менен Умсун эженин үйүнө жакын бир жатаканага жайгаштырышты. Тамакты бизге Умсун эже бере турган кылып уюштурушкан экен. Таң аткандан бери тамак иче элек биз баарына кайыл болуп жүрө берип, ач калганыбызды тамак келгенде сезиптирбиз. Айтмакчы, биздин бөлмөнүн эшигинин алдына бир кроватты туура коюп ага бир милиция жатып алган. Кечинде эшикке өзү коштоп барып келет.

 

Жолдон тоскондор

 

Таң атты. Бизге эртелеп тамак берип, райадминстрациядан келген эки киши менен милициянын коштоосунда райОНОго алып барышты. Ал жерде бизди райком Одил Бердиев, райисполком Сайитбек Бердиев, райОНО Токторбай Мырзабеков, белгилүү мугалим Бурхон Батыров, райадминистрациянын башка бир топ кызматкерлери тосуп туруптур. Алар бизге “Эми силер аябай аракет кылып окуп, окууну таштабай аягына чейин окуп, кайра өзүбүздүн районго келип иштеп, эл үчүн кызмат кылгыла” ж.у.с. акыл-насаатарын аябай айтышты. Биз ошол жерден Фрунзеге окууга бара турганыбызды билдик. Көрсө бир түн ичинде Кыргызстан менен сүйлөшүп, келишим түзүшүп, В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна бармай болуптурбуз. Аңгыча эле Ысы агайыбыз өткөн жылы бүткөн дагы үч кызды алып, сегиз кызга аттестат жазып келип калды. Краткосрочный деген бир бүктөм көк паспорт да түнү менен даяр болуптур. Анан Одил Бердиев айтты: ”Азыр Душанбеден атайын заказ менен самолет келет. Аны менен Душанбеге барасыңар. Фрунзеге билет заказ кылдык. Бирок Фрунзеге 31-июлда учасыңар. Рейс ошондой экен. Бүгүн 29-июль. Эки күн Душанбеде мейманканада агайларыңар менен туруп турасыңар” деди.

Ал аңгыча самолет келди деген кабар келип, биз он бештей чоңдун, беш-алты милициянын коштоосунда аэропортко жөнөдүк. Барсак аэропортто бирөөнүн атасы, бирөөнүн агасы болуп сегизибиздин да тууган-уругубуз жайнап турат. Биз жүрөгүбүз түшүп, коштоп келгендерге корголойбуз. Милициялар бирөөнү да жакын жолоткон жок. Менин агам Файзидин бригадир, коммунист, эл тааныган адам. Одил Бердиев менен учурашып, карындашыма бир ооз сөз айтайын деп уруксат алды окшойт. Жаныма келип, ”окууга барбай калып кал, өтпөй элге уят болуп кайра келесиң” деди. “Жок мен сөзсүз өтөмүн. Мен окуйм, калбайм” дедим тыкылдап. Анда авам: ”Эрте эле Касиет күйөөгө кетсе атамды ким карайт? Калып атамды кара”, — деди. “Мени деле күйөөгө берип жибересиңер, мен окуйм” дедим. Сөзүбүз бүтө электе эле Одил Бердиев: “Ай Файзидин, болду, биз кыздардын бирөөн да бербейбиз. Кимде ким аракет кылчу болсо милиция алып барып камап коёт”, — деди. Ошону менен самолет учууга даяр болду окшойт. Бизди төрт кызматкер анан Бурхон Батыров агай коштоп, Душанбеге учуп кеттик.

Келип “Вахш” мейманканасына жайгаштык. Мейманкананын ресторанынан тамак ичебиз. Бизге “такыр сыртка чыкпайсыңар” деп айтышты. Жыргап эс алып жаттык. Эми мынча болду окууга кимдер баратканын да жазайын. Бизден бир жыл мурда бүткөндөрдөн Турдубекова Ашия, Астанаева Майли, Тешебаева Суксур, Кабирова Икоят, Мажитова Кыймат. Бизден мен, Сафарбекова Арзы, Нурова Турду. 30-июль күнү эрте менен турсак эле Суксур жок. Көрсө атасы Тешебай ава артыбыздан учуп келип, “кызымдын кудалашкан жери бар, калыңын алып койгом, жакында тою болмок” деп жана дагы эмне десе да бизди коштоп жүргөндөрдү көндүрүп, түн ичинде алып кетиптир. Эртеси 31-июлда эртең менен турсак Турду жок. Аны Душанбеде жашаган тагасыбы, бөлөсүбү алып кеткен имиш. Сумсая түштүк. Ошентип алтообуз калдык. Эртең мененки 8дерде Бурхон Батыров агайдын коштоосунда Фрунзеге учуп кеттик.

 

Студент болдук!

 

Самолеттон түшүп эле кыз-келиндер пединститутуна бардык. 31-июль документ тапшыруунун акыркы күнү экен. Саат түшкү бир. Жетишип келип калыптырбыз. Документ тапшыралы десек 3 х 4 өлчөмүндөгү сүрөт керек экен. Бурхон агай бизди “отуруп тургула” деп, өзү чыгып кетти. Бир аздан кийин бир кара баланы ээрчитип келип, “бул бала силерди алып барып сүрөткө түшүрүп келет. Анан документ тапшырабыз” деди. Чоң шаар эмес кыштактын көчөсүндө да көп баспаган биз жолдо кантип жүрүүнү билбейбиз. Көзүбүзгө көчө лыкыган эле эл көрүнөт. Алдыбыздан бирөө чыкса удургуп, үрккөн койдой бири-бирибизге жабышып жолдун аркы четине өтөбүз. Ал жактан чыкса, берки бетине өтөбүз. Бизди коштогон кара бала намыстанды окшойт, он-он беш метр алдыда зыпылдап баратат. Биз аны жоготуп ийбөөнүн аракетинде анча-мынча жүгүргөнчө баратабыз.

Ошентип отуруп азыркы цирктин жанындагы “Дом бытка” барып, бир саатта даяр боло турган “шашылыш” сүрөткө түштүк. Сүрөттү алып келдик. Эми ким кайсы факультетке тапшырарыбызды, факультет деген эмне жана кандай адистиктер бар экенин агай менен кара бала экөө түшүндүрүп, чогуу тандап, анан ар кайсы факультеттерге документти агай менен кара бала толтуруп, тапшырдык. Биз келгенде эле институттан бир мугалимди бизге жардамчы кылып берген. Ал да жардам берип жүрдү. Саат кечки жети болду. Бардыгы бир короонун ичинде экен. Бизди баягы мугалим ээрчитип барып жатаканага жайгаштырды да, бир суу кайнаткан электр чайнек алып келип берди. Бурхон агай магазинден нан ж.б. нерселерди сатып келип, “эми силер чай ичип эс алгыла. Эртең да чайыңарды ичип даяр болуп тургула. Институттун ректоруна киребиз” деди да кетти. Эртең мененки жетиде Душанбеде тамактанган бойдон эми гана чай ичтик. Башка дүйнөгө келип калгандай кубанычымда чек жок. Бүгүнкү алган таасирлерим көз алдымдан өтүп жатты. Бул жакта кыздар тыкан, кийингени да башкача, өздөрүн ишенимдүү кармап, эркин жүрүшөт экен. Биздин үстүбүздө атлас көйнөк, ыштан, башыбызда топу анын үстүнөн жоолук салынып алганбыз. Б.а.. толук тажикче кийим. Өзүбүздү ишенимсиз сезип, элеңдеп эле турабыз. Мен да ушулардай болушум керек деген сезим менен эс алууга жаттым.

 

Ректор эжейдин мээрими

 

Эртеси бизди институттун ректору, илимдин доктору Абдуазизова Нурпаша Хусайиновна кабыл алды. Мен өмүрүмдө мындай мээримдүү, түшүнүктүү, акылдуу, дили, жан дүйнөсү таза, энебиздей камкор мамиле кылган адамды көрө элекмин. Бизге бир сааттан ашуун окуу жөнүндө, окуп алсак келечегибиз кандай болорун, койчу деги айтпаганы калбады. Болбосо биздин окуганыбыздын же окубаганыбыздын ага кандай зарылчылыгы бар дейсиң. Ал мезгилдеги адамдар башкача эле. Азыр ал мезгилдеги баалуулуктар жоголуп, адамдар төрөпейил, кайрымсыз болуп кеткен. Мен бул аңгемелешүүдөн кийин өзүм үчүн кандай жагдай болбосун окууну таштабай окушум керек деген чечимге келдим. Фрунзеге окууга келгениме ишене албайм. Бул нерсе менсиз эле болуп жаткандай туюлат. Жомоктун ичинде жүргөндөй…

Эреже боюнча 1-августан баштап экзамендер башталат экен. Бизге он күн даярдануу үчүн убакыт берип, 10 –августан баштап өзүбүздүн факультетке туш келбей калсак башкалар менен да тапшыра бермей кылып расписание түзүп беришти. Кыргызстандык кыздардан китеп сурап алып даярдана баштадык. Тамак-ашыбызга Бурхон агай акча берип, күндө бир келип абалыбызды сурап турат. Институттун үстүндөгү көчөдө гастроном бар экен. Ошого барып нан-пан алып келгенге кыздар ынабайт. Дайыма Ашия экөөбүз барабыз. “Дайте хлеб” дегенди билбеген биз эптеп домдолоп азык-тълък алып келебиз. Тиги төртөөнүн такыр эле маанайлары пас, окугулары жок. Эмнеге келдик экен деп күн сайын нааразы кептерин сүйлөшөт. Ашия экөөбүз “окуйбуз деп ушунча адамды түйшүккө салып келдик, биз окуйбуз” дейбиз. Ошентип экзамендерге 4-5 күн калганда эле Икоят менен Кыйматты алып кетиш үчүн Абдрашитов Кабир ава менен Мажитов Амон Жерге-Талдан келип калды. “Мени да кошо ала кетиңиздер” деп боздоп ыйлап Арзы ээрчип алды. Ага кошулуп Майли мен да кетем деп чыкты. Бурхон Батыровдун өзүнүн кызы Инобат эже ушул институттун чет тилдер факультетинде төртүнчү курста окуйт экен, окугула деп, айтпаганы калбады. Ошондогу Нурпаша Хусайиновнанын “кетпегиле, окугула” деп зарыкканы азыр да көз алдымда. Анын акылман насааттары да кыздарга жукпады, кетишти.

Биз экзамендерди тапшырдык, Ашия физика-математика факультетине, мен педагогика факультетине өттүк. Бурхон Батыров агай кубанып, “эми силер студент болдуңар. Мен силерге акча таштайм. Ага күздө окууга кийгенге кийим жана жакында айыл-чарба жумушуна барат экенсиңер ошого жумуш кийим алгыла. Мен эми кетейин. Кокус ата-энеңер акча салбай койсо кат жазгыла. Бир жагын ойлоп табабыз. Тамагыңарды институт берет. Көп деле кыйынчылык болбойт, негизгиси жакшы окугула” деп, биз менен коштошуп кетти. Атабыз кетип калгансып ичибиз эңшерилип калып калдык.

 

Шаардын шары, заман агымы

Студенттик жашоо башталды. Шаардын төмөн жагындагы Степное деген айылга бир канча факультеттин 1-курсунун студенттери айыл-чарба жумушуна бардык. Бизди караган 4-5 мугалим бар. Бир чоң клубка жайгаштырды. Жумушубуз жалаң помидор терүү экен. Ар бир группа өз-өзүнчө жайгаштык. Группадагы кыздар менен тааныша баштадык. Бир жуманын ичинде эле бир тууган болуп калдык. Коллективдүүлүктүн эң алгачкы таасирин жазайын.

Он күндөй иштеп калганбыз. Бир күн эле Жумакан деген Жумгалдык кыз: “Ай, карагылачы, алдагы орус филологиясынын кыздарын — тимеле таза, тыкан, каштарын терип, өздөрүн карап жүрүшөт. Биз болсо саанчыдай болуп талпайып, студент кейпибиз жок. Келгиле, кашыбызды терип, кебетебизди оңдойлу”, — деди да, эки жаздыкты коюп, ”бас, ким биринчи” деди. Искек да бир заматта табылды.

Эң кичүүлөр биз, 1957-жылкылар. Бизден 3-4 жаш улуу, педучилищаны бүткөн кыздар да бар эле. Алар мурда эле каштарын терип жүргөн экен. Калгандары четтен жатып эле каштарын тердирип жатат. Кээ бири унчукпайт, кээ бири чыдабай онтолойт. Жаш кезимден “кыздар каш терсе уят” деген түшүнүк менен чоңойгон мен олтурам сарсанаа болуп. Бир убакта “бас, сенин кезегиң” деди. Мен болсо Лениндин “Коомдо жашап, коомдон сырткары болбош керек” дегениндей араң эле барып жаттым. Бир тал каш тартса көзүмдөн бир тамчы жаш кошо ыргыйт. Бакырып колум менен баса калам.

Жумакан: “Иий, кара жерге киргир, эмне болот, тарт колуңду”, — деди. Бизде “кара жерге киргир” деп андай катуу каргабайт. Мен андай сөздү биринчи угушум. Жалдырап эле Жумаканды карап калыпмын. “Жап көзүңдү жалдырабай”, — деди. Дагы эле кыйкырып кашымды баса калам. Кыздардын бирөөсү жаныбызда китеп окуп отурган. Жумакан ага карап “ай, момунун колун басып турчу” деди. Ал карап деле койбой менин колумду тизеси менен ныгыра басып отуруп алды. Акыры кыйноо бүттү. Кашымдын алды жарым сантиметр шишип, тимеле от чыгат. Бул күн эң алгачкы эсимде калган курч, ачык (яркий) таасирим. Ошентип, айыл-чарба жумушу бүткөнчө кашыбыз да тергенге көнүп калды.

Муну эмнеге жаздым. Биринчиден, мен чоңойгон чөйрөнүн менталитети менен менин группалаштарым чоңойгон чөйрөнүн менталитетинин айырмасын көрсөтөйүн дедим. Бизде табу (тыйуу салынган нерсе) болгон нерсе бул жакта кадимки эле турмуштук көрүнүш экен. Экинчиден, коомдун б.а. коллективдин позитивдүү эрежесинен баш тартпай жашоо керектигине алгачкы бет келишим болгон.

Жерге-Талда кыздарды “кызга кырк жерден тыюу” деген эреже менен тарбия берет. Азыр ал жакта деле бир топ жаңылануу жүрүп, өзгөргөн. Биздин мезгил башка эле. Кыз кишини кичинекейинен баштап үй тиричилигине, чеберчиликке, иш билгиликке тарбиялайт. Кыз чоңойсо эле турмушка чыгып, балалуу болуп, барган жерине кызмат кылып жашаш керек деген гана тартип болгон. Окутуу деген терс кабыл алынып, ал жөнүндө үй-бүлөдө эч качан ачык сөз болгон эмес.

Бизде токуучулук, кештечилик (саймачылык), оймо, түр салуу, чий чырмоо сыяктуу кол өнөрчүлүгү аябай өнүккөн. Кыздарды кичинекей мезгилинен баштап мунун бардык түрлөрүн жасоого үйрөтүшөт. Мисалы, саймалардын, курактардын илме түз, илмек, жөрмөмө, басма, тогуз дөбө, көптүрмө, турна катар, куш канат, ит куйрук, тумарча, тиштеп түймө, ит таман, кочкорок, бүтөө кочкорок, сыңар кочкорок, кой көз, таңдай, кырк шак, комуз тил, аламончок ж.б.у.с. өтө көптөгөн түрлөрү бар. Үй буюмдарын, боз үйдү жасалгалоодогу бардык буюмдарды жасай алабыз. Муну айтканымдын себеби Жерге-Талда бала тарбиялоонун башкаларга окшобогон этнопедагогикасы бар. Эркек бала болобу, кыз бала болобу, мына ошол жазылбаган эрежелердин негизинде тарбия алат. Ал салттуу билимдер каныңа сиңип, сени өмүр бою коштоп өтөт.

Балалыгыбыз илгерки көчмөн турмуштун фонунда өттү десем болот. Жаз алды менен апаларыбыз он төрт, он беш жашка чейинки уул-кыздарын алып жайлоого чыгып кетишет. Андан жогорку жаштагылар тамда калып өздүк тамаркада, совхоздо иштешет. Жайлоонун турмушу керемет. Эртеден кечке мал тейлеп, үй тиричилигин жасап, кечинде түн жарымына чейин оюн. Айылда отузга жакын боз үй тегерек болуп конот. Ортосу короо. Күндүзү кезектешип айылдын сыртына төрт жерге отун жыябыз. Бирөөсү чоңураак болот.

Кечкурун арыдан бери жумушубузду бүтүрүп чыгабыз. Төрт жерге отту жагып, эң чоң оттун тегерегине чогулуп алып ойномой. Өтө караңгы түшө электе жашынмак, ак чөлмөк, жоолук таштамай ж.б. толгон токой оюндарды ойнор элек. Караңгы болгондо оттун тегерегинде отуруп алып сөз оюндарын ойнойбуз. Жомок, табышмак айтышмай, “Шакек салмай”, “Садовник” ж.б. оюндарды ойноп, ырдап айтор, жаратылыштын койнунда балалыктын жыргалын көрүп чоңойдук. Күндүзү кыздар сайма саябыз, боз үйдүн жасалгасы үчүн терме согобуз… Тээ артта калган кайран жаштык.

 

Кадырлап турса кеӊ мекен

Студенттик мезгилге кайтайын. Группада 26 кыз элек. Биринчи курста Чыныбаева Берметти староста, Нарматова Мафиратты комсорг, Токтомушева Ашыкты профком кылып шайлаганбыз. Ошол бойдон окууну бүткөнчө ошолор эмне десе ошого баш ийип, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, башкалардын колунан келе бербеген биримдикте, ынтымакта жүрүп, окууну бүттүк. Ал мезгилде билим берүү өтө жогорку сапатта болчу. Биздин кыз-келиндер институтунда кандай гана корифей мугалимдер иштейт эле. Мен ошол агай-эжейлеримдин колунан окуп, мыкты билим алганыма сыймыктанам жана таазим кылам.

НУРДУУ ЖАМГЫР ЖААГАН ЖЫЛ

Студенттик жылдарда.

 

Группабыз катышуу, жетишүү боюнча факультетте 1-орунда турар эле. Ошондуктан 1977-жылы жазында, 3-курста окуп жүргөнүбүздө биздин группаны Ташкент шаарына беш күндүк экскурсияга жөнөттү. Кураторубуз Медербекова Жумагүл эженин коштоосунда, институттун эсебинен жыргап экскурсияга барып келгенбиз. Окуп бүткөнчө жомоктогудай эле камкордукта болуптурбуз. Институт интернат сыяктуу эле. Окуу корпустарыбыз да, китепканабыз да, жатаканабыз да, ашканабыз да бир чоң короонун ичинде. Биринен чыгып эле бирине кирмей. Ашканадагы тамактардын молдугун, даамдуулугун азыркыларга айтсаң ишенбесе керек.

Ушул жерден Ашия Турдубекованы эскере кетейин. Ал менин алысыраак тагамдын кызы. Физика-математика факультетинде экинчи курста окуп жүрүп жазга маал катуу ооруп калды. Жазгы сессияны алдын ала тапшырууга уруксат алып, экзамен, зачетторун тапшырып, айылга кетти. Ошол жайда катуу оорудан кийин кайтыш болуп калды.

Мен болсо атамдын пенсиясы менен окуп, окууну ийгиликтүү бүтүп бардым. Баягы чоң түйшүк менен мени окуткан асыл адамдарга жолуктум. Макталдым. Ыраазычылык уктум. Өзүм окуган мектепке башталгыч класстардын мугалими болуп орноштум. Бир жыл биринчи классты окуттум. Мугалимдерге өмүр бою таазим кылсак болот. Өз башыма келгенде билдим.

Класста 34 окуучу бар экен. Эч кимиси “А” деген тамганы билбейт. Аларды партага түз отургузууга эле бир жума кетти. “Ии балдар, кана бир, эки, үч, отурабыз түз” дейм, түздөнүп калышат. Анан эки мүнөттөн кийин эле бири- бирин түртөт, бирөөнүн китеби жерге түшүп кетет, бирөө туруп басып жүрөт, бирөө башын партага коюп алып уктайт… Билим бар, тажрыйба жок.

Ошентип, эптеп окута баштадым. Көрсөтмө куралдарды жасайм. Айтор бүткүл мүмкүнчүлүгүмдү колдоном. Ноябрь, декабрь айларында алиппе майрамын өткөрүү үчүн акырындап продленка учурунда даярдандык. Студент мезгилимде 1977-78-жылдары “Байчечекей” деген балдар журналы чыга баштады. Ошонун ар бир санын сатып алган болчумун. Анда тамгаларга карата ырлар бар эле. Мисалы:

И тамгасы ийилген,

Илимге абдан берилген,

Илимпоз болом кийин мен.

Ата атка как,

А тамгадан башталат.

Алфавитте биринчи,

А тамгасы айтылат. ж.б. у.с.

Мына ушундай ырларды жаттап алып, бирден бала бирден тамга болуп, бир бала алиппе, бир бала эне тили китеби болуп айтор, майрамга катуу аракет кылдык. Буга чейин эч жерде мындай майрам өткөн эмес экен. Алиппе майрамына райОНОдон өкүлдөр, “Коммунист” газетасынан кабарчы, сүрөтчүсү келди. Майрамыбыз өттү. Баарына жакты. Газетага сүрөтүбүз менен чыгарып, макала жазышты. Мугалимдиктин азабын-тозогун өз башымдан өткөрүп, 1-классты бүттүк. Окуу жылын аяктап, каникулга тарадык.

Менин окууну бүтүп тирегим атамдын алдына барышым аябай чоң сыймык болду. Кубанычында чек жок. Айтмакчы, атам мен 1-курста окуп жүргөндө, 64 жашында кайрадан үйлөнгөн. Бул эжебиз абдан кең пейил, жумшак мүнөз, түшүнүктүү аял экен. Жөлөгүм атам көңүлү тынч жашап жаткан учуру экен. Атам балдарга кандай камкор жан эле. Мен окууну бүтүп барсам, мага Подольск шаарына почтадан заказ кылып (ал мезгилде биздин аэропорттогу почтада “товары с почтой” деген кызмат бар эле), тигүүчү кол машине алып коюптур. Менден улуу эжеме да мектепте окуп жүргөндө эле ошондой кол машине алып берген. Турмуштагы бардык нерсени тескеп, көз жаздымдан кетирбеген сезимтал адам эле. Атам кийин 1987-жылы о дүйнө салды. Жайы жаннатта болсун.

 

Үй-бүлө күтүп, чоң турмушка аттануу

Тагдырга эч нерсе деп айтууга да, аны алдын ала билүүгө да болбойт. Адам тек гана тагдыр жазганын көрүп жашай берет тура. Баягы абитуриент мезгилде биздин документибизди тапшырууга жардам берген кара бала кийин менин тагдырым болорун мен анда кайдан билейин. Ал жигит Чоң-Алай районунун Улуу-Карамык айылынан Халилов Абдыганы Дарманбекович деген экен. Жерге-Талда чоңойгон Махмануров Абдулхак деген киши Абдыганынын үч ата өткөн агалары болот экен. Ошол Абдулхак аванын үйүндө жашап жүрүптүр.

Көрсө Бурхон Батыров жердеши Абдулхак авадан жардам сурайт, ал Абдыганыны жөнөтөт. Ал ошондо бир жыл мурда Кыргыз мамлекеттик университетине өтпөй калып, шаарда иштеп, кайрадан университетке окууга тапшырып жаткан учуру экен. Окууга өтүп, 3-курстан А.А.Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетине которулуп кеткен. Ал мезгилде жакшы окугандарды жыл сайын борбордук жогорку окуу жайларга которуп турушчу.

Кайнатам илгеркидей куда түшүп, Барпы акындын ырындагыдай “сүрүп, сүрүп мал айдап, сүйрү өркөчтүү нар айдап”, кыргыздын бардык каада-салты, ырым-жырымы менен той кылып, мени келин кылып алды. Кайнатам “Ушунча алыстан, Каратегинден келин алдыңбы” дегендерге “балама Кыргызстандан кыз жакпай, Тажикстандан кыз жактырыптыр, жактырганын алып бердим” дээр эле.

Тойдун алдында документтеримди алайын деп райОНОго бардым. Мага Мырзабеков Токторбай агай аябай нааразы болду. “Ушу Жерге-Талдан Алайдын бир кара баласындай бала табылбай калдыбы? Жок, кетпейсиң. Сен боюнча райондун чоң пландары бар. Документиңди бербейм. Файзидинге айтам, сени ажыраштырсын. Сен азыр кете бер”, — деди. Мен уялып башымды жерден көтөрбөйм. Унчуга албайм. Айла жок чыгып кеттим. Ошол күндү эстесем азыр да уялам, ыйманым кыйнайт. Мени окуткандардын ишенимин актай алган жокмун. Бирок мен маңдайга жазылганды буза албайт экенмин.

 

(Эскерүү толук камтылган китепке кызыккандар автордун өзүнө же күйөөсү, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин профессору Абдыганы Халиловго кайрылса болот.)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер