Ноокенде жаңы мектептин ачылышы болду
- 24.01.2025
- 0
24-январда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Жаны-Арык айылында Ш.Сүйөркулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Негизги класстардан тышкары, биология, химия, физика, компьютердик класстар, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттери каралган.
Обьекттин жалпы аянты 1605 чарчы метрди түзөт. Мектеп 275 орунга ылайыкталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер