НООКАТТА ЖАҢЫ МЕКТЕП КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ
- 18.10.2023
- 0
Маалыматка ылайык, Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кургак-Тектир айылындагы мектептин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, кубаттуулугу 190 орунга ылайыкталган.
Мектепте компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары атайын физика, химия, биология кабинеттери менен кошо лабораториялары дагы бар. Окуучулар үчүн кол эмгек жана ар түрдүү ийримдерди өткөрүү үчүн чоң кабинеттер каралган. Ошондой эле жаңы билим уясында китепкана, ашкана, гимнастикалык зал да каралган. Мындан тышкары мектептин аянтында ар түрдүү спорт оюндары үчүн аянтчалар курулду.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер