НООКАТ РАЙОНУНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 19.02.2024
  • 0

Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүндөгү А.Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектебинин жаңы имараты 225 орундуу болуп курулуп пайдаланууга берилди.

НООКАТ РАЙОНУНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Кундуз Арапованын берген маалыматына таянсак, А.Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектеби мамлекеттик бюджеттин эсебинен 144 млн 944 миң сомго каржыланып курулду. Мектептин курулушу 2023-жылдын март айында башталып,тогуз айдын аралыгында толугу менен бүткөрүлгөн.

— Мектептин ачылыш аземине КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаев, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова, Ноокат районунун акими Ж.М.Субагожоев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты, — дейт мугалим К.Арапова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер