НМУ РЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА КОНКУРСТУК ТАНДОО ӨТКӨН ЖОК

  • 28.10.2024
  • 0

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору кызматына тандоо боюнча комиссия талапкерлердин эч кимисин дайындоого сунуштаган жок, натыйжада конкурстук тандоо болбой калды деп табылды.

Ректорду дайындоо боюнча кийинки чаралар тууралуу маалымат кошумча берилет. Маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот: (0312) 664732, 664719.

Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин дайындоо, кызматтан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору кызматына конкурстук тандоо жарыялаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер